САЯСАТ

Депутат Бактыбек Райымкулов 102 миллион сомго Панфилов айылына таза суу киргизип берди

Панфилов районунун, Курама айыл өкмөтүнө караштуу Панфилов айылына 102 миллион сомго таза суу киргизүү иштери жүрүп жатат.

Бул ишти колго алган депутат Бактыбек Райымкулов, айылга таза суу киргизүүнү аким болуп турганда баштаганын айткан

“2012-жылы мен Аким болуп турганда Панфилов айылына пилоттук долбоор кылып таза суу киргизгенбиз. 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп келгенде акча каражатын бөлдүрүп баштагам”.

Жалпы долбоор 102 миллион сомду түзуп, азыр айылдагы ар бир үйгө суу киргизилгени турат.

Эскерте кетсек, буга чейин айылда таза суу маселеси өтө курч болгон.

“Бүгүн ушул долбоорго акча каражатын бөлгөн жана жардам берип жаткан Дүйнөлүк банктын, АРИСтин, Курама айыл өкмһт башчысы, айылдык кеңештин депутаттары, активистер менен бирге курулуш иштери менен таанышып сапатын текшердик”,-деп кошумчалады эл өкүлү.

Ал эми айыл тургундары “депутат Бактыбек Райымкулов 102 миллион сомго таза суу киргизгенге жардам берип сооп иш кылды”,-деп, өз сүйүнүчү менен бөлүшүштү.

Таза суу иштерин киргизип жаткан компаниянын өкүлдөрү, долбоор 2018-жылдын аягы же 2019-жылдын башында бүтөөрүн кошумчалады.