КООМ

Кыз ала качуу: интернетте тараган видео Таласта тартылган эмес

Таластагы кыз алуу качуу боюнча тасма Интернетте тараган. Тасманын автору, жашы жете элек өспүрүмдү Таласта уурдаганын маалымдаган. Кадрда кызды мажбурлап кармап жаткандыгы жана аны бөлмөгө киргизип бара жаткандыгын көрүүгө болот. Кызды 35 жаштагы адамга мажбурлап турмушка берип жаткандыгын билдирген.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМи расмий билдирет, учурда ал тасмадагы маалыматтар боюнча Талас ОИИБи тарабынан териштирүү жүрүп, кыз ала качуу фактысы азырынча аныктала элек. Андан сырткары, республика боюнча милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө. Учурда аталган факты аныктала элек жана ички иштер органдарына расмий арыз келип түшкөн эмес.
Учурда республика боюнча милиция кызматкерлери аталган тасма боюнча текшерүү, териштирүү иштерин жүргузүүдө .