КООМ

Мар Байжиев, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу: “Курсан күчкө толуп турганда, эли-жери үчүн иштетип алалы…”

Мекенчил уул
Аттан аттын неси артык, ашыра баскан изи артык.

Эрден эрдин неси артык, эл үчүн күйгөн жаны артык
Барсбек Каган

Кесипкөйлүктө эмгегиңдин кайтарымы, ишиңдин ийгилиги тажрыйба жаратып, ошондон гана байкалат эмеспи. Курсан Асанов да алгачкы иш тажрыйбасын жөнөкөй ОМОНдун жоокеринен баштап, милициянын полковниги, анан генерал чинине чейин жеткен. Албетте, таза иштеп элдин ишеничин актаган адам гана убадага бекем туруп, ак кызмат өтөйт. Кандай кырдаал, кайсы мезгил болбосун, генерал үчүн элинин туруктуулукта жана тынчтыкта жашашы бийик тургандыгы чындык. КРдин ИИМдин орун басары катары бардык улуттардын кызыкчылыгын коргоо жана күнөстүү Кыргызстаныбызга тынчтык орнотуу – башкы милдетим деп айткандыгына жалпы журт күбө. Ал өзүнүн жоопкерчиликтүү ишинде өлкөбүздө биринчиден мыйзам бийлигин жетекчиликке алуу менен тартипти сактоо үчүн аракет жүргүзүп келди.
Асанов элдин пикиринде…

Курсан Асановдун кесипкөйлүгү жана адамдык сапаты кандай?

-Эки жааттын ич-ара түшүнбөстүктөрүнүн айынан бирөөнүн баласы окко учту, канчалаганы жарадар болду. Күздө полковник чинин алмак экен, ошол каза болгон аскер. 7-апрель ыңкылабындагы кандуу окуяда окко учкан кырчын балдардын убалы кимге?!. Дүйнөдө энелердин көз жашы төгүлбөсүн. Кудайым мындай каргашалуу окуялардан өлкөбүздөгү карапайым элибизди сактасын. Эч качан согуш болбосун!!!
Курсан Асановду сыналгыдан көрүп генерал болсо дагы өтө жөнөкөй бала экенине тан бердим. Башкаларчылап креслодо отуруп, телерадиолордон кабардар болгон жок. Курсан Асановдой дагы төрт-беш кыргыздын эр-азаматы болгондо заманыбыз оңолоор беле?!. Курсан – өз элинин учурдагы чыгаан уулу жана элдик генералы. Чындыкты канчалык деңиз түбүнө көмбөсүн, акыр бир күн калкып чыгар күнү узак эмес. Элдин сүймөнчүктүү уулуна канчалык балчыктарды шыбаса да, бир күн ошол аруулук балчыкты да жарып чыгат. Аксакал катары айтайын, Курсан Асанов – эл уулу. Аны эч ким жокко чыгара албайт. Андыктан, Курсан Асанов күчкө толуп турганда эли-жери үчүн иштетип алалы.