САЯСАТ

Миталип Мамытов, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры: “Курсан Асанов — элдин уулу…”

Мекенчил уул
Аттан аттын неси артык, ашыра баскан изи артык.

Эрден эрдин неси артык, эл үчүн күйгөн жаны артык
Барсбек Каган

Кесипкөйлүктө эмгегиңдин кайтарымы, ишиңдин ийгилиги тажрыйба жаратып, ошондон гана байкалат эмеспи. Курсан Асанов да алгачкы иш тажрыйбасын жөнөкөй ОМОНдун жоокеринен баштап, милициянын полковниги, анан генерал чинине чейин жеткен. Албетте, таза иштеп элдин ишеничин актаган адам гана убадага бекем туруп, ак кызмат өтөйт. Кандай кырдаал, кайсы мезгил болбосун, генерал үчүн элинин туруктуулукта жана тынчтыкта жашашы бийик тургандыгы чындык. КРдин ИИМдин орун басары катары бардык улуттардын кызыкчылыгын коргоо жана күнөстүү Кыргызстаныбызга тынчтык орнотуу – башкы милдетим деп айткандыгына жалпы журт күбө. Ал өзүнүн жоопкерчиликтүү ишинде өлкөбүздө биринчиден мыйзам бийлигин жетекчиликке алуу менен тартипти сактоо үчүн аракет жүргүзүп келди.
Асанов элдин пикиринде…

Курсан Асановдун кесипкөйлүгү жана адамдык сапаты кандай?

-Мен дарыгер катары айта кетсем, Ош окуясы кимдин болбосун жүрөгүн оорутарын сезип турам. Кыргызымдын бактысына Курсандай уулду Кудайым берип койгон экен, ошол Ош окуясынын токтошунда бул жигиттин ролу эбегейсиз зор. Илгертен кыргыздын канында баатырдык сүр бар. Мен Курсан баламды көргөндө ошол сүрдү байкап турдум. Аксакал катары айта кетейин, илгертен кыргыз менен өзбектин ортосунда туугандык катыш бар эле. Мындай тополоңду чыгарган кара мүртөз адамдардын эле колунан келет. Жаман улут болбойт, жаман адам болот дегендей, биз ар бирибиз эстүүлүк менен акыл калчап, ынтымакта күн кечиришибиз керек. Курсан Асанов бир гана Оштогу тополоңдо эмес, кайсы жерде болбосун чыр-чатакты жөнгө салууда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө чебер. Ушул сапаты менен башкалардан айырмаланып келет. Ал эми азыркы күндө саясаттын тегирменинен өтүп жаткан кези. Эгер күнөөсү болсо, мыйзам түрүндө жооп берет, күнөөсү жок болсо акталып чыгат деп ойлойм. Эң негизгиси, өлкөбүздө тынчтык, жакшылыктар болсун. Курсан Асанов — элдин уулу!

Булак: Жетиген журналы