МАЕК

Бексултан Жакиев, кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры: “Курсан Асановдун күнөөсү эмне?”

Мекенчил уул
Аттан аттын неси артык, ашыра баскан изи артык.

Эрден эрдин неси артык, эл үчүн күйгөн жаны артык
Барсбек Каган

Кесипкөйлүктө эмгегиңдин кайтарымы, ишиңдин ийгилиги тажрыйба жаратып, ошондон гана байкалат эмеспи. Курсан Асанов да алгачкы иш тажрыйбасын жөнөкөй ОМОНдун жоокеринен баштап, милициянын полковниги, анан генерал чинине чейин жеткен. Албетте, таза иштеп элдин ишеничин актаган адам гана убадага бекем туруп, ак кызмат өтөйт. Кандай кырдаал, кайсы мезгил болбосун, генерал үчүн элинин туруктуулукта жана тынчтыкта жашашы бийик тургандыгы чындык. КРдин ИИМдин орун басары катары бардык улуттардын кызыкчылыгын коргоо жана күнөстүү Кыргызстаныбызга тынчтык орнотуу – башкы милдетим деп айткандыгына жалпы журт күбө. Ал өзүнүн жоопкерчиликтүү ишинде өлкөбүздө биринчиден мыйзам бийлигин жетекчиликке алуу менен тартипти сактоо үчүн аракет жүргүзүп келди.
Асанов элдин пикиринде…

Курсан Асановдун кесипкөйлүгү жана адамдык сапаты кандай?

Бексултан Жакиев, кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз
Республикасынын Баатыры:
“Курсан Асановдун күнөөсү эмне?”

-Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун күнөөсү эмне экенин түшүнсөм буюрбасын. Кандай «чыккынчылык» кылганына акылым жетпеди. 8-августта Алмазбек Атамбаевдин короосунда Курсан Асанов экөө эшик-төрдөй аралыкта туруп, кеп-сөздө келишкен соң Атамбаевдин моюн сунуп бергенин теледен көргөн элек. Мунун эмнеси кылмыш? Мында кандай кылмыш болушу мүмкүн? Дагы бир кызык: Алмазбек Атамбаев менен Курсан Асановдун мамилеси жакын болчу деген «шектүү» ой да массалык маалымат каражаттарынан айтылып кетти. Мамилелери болсо болгондур, анын эмнеси күнөө? Андайдан күнөө издеш уят, маданиятыбыздын, түшүнүгүбүздүн тайкылыгы болуп калат. Баарыбызда эле мамилелешкен адамдарыбыз бар, алар бирөөлөргө жагышы мүмкүн, жакпашы мүмкүн. Тигиге, же буга жакпайт экен деп, мамилени үзүп салышыбыз керекпи? Андайга акыл-эси ордунда, ыймандуу адам барбайт. Курсан Асановдун айыбын «айгинелеген» пакеттин чуусу да күмөн санатты. Пакетте бриллиантпы, дагы башка балээлер бар имиш. Эгерде пакетте эмне бар экенин көрүп-билип турушса, божомолдобой, ачып элге көрсөтүшпөгөнү кандай? Далили жок, адилетсиз айтылган божомол «айып» жалаа болуп эсептелет. Ушундай-ушундайдан улам Курсан Асановдун ишин профессионал эмес, чала сабат бирөөлөр колго алгандай пикир калтырып жатат.
Курсан Асанов менен эч кандай жакынчылыгым жок. Мен аны 2010-жылдагы Ош коогалаңындагы чечкиндүүлүгүнөн бери сыртынан билем, жүргөн-турганына көз салып келатам. Айрым жыйындарда баш ийкешип, учурашкан учурубуз болгон. Тартип коргоочулар ушул жигиттей болсо деген оюман кайтпаган үчүн ушу пикирди жаздым.

Булак: Жетиген журналы