КООМ

«Унаа» мамлекеттик ишканасынын Бишкек шаардык айдоочулук курамды каттоо бөлүмү ачылды

Бүгүн, 7-октябрда Лебединовка айылында «Унаа» мамлекеттик ишканасынын Бишкек шаардык айдоочулук курамды каттоо бөлүмүнүн ачылышы болду.

Аталган мамлекеттик ишкананын директору Алымжан Козубаев бул бөлүм демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ачылганын билдирди.

«Экзамен тапшыруу онлайн видео көзөмөлдүн негизинде болот. Экзамен тапшыруу үчүн келген жарандын бетин камера тастыктабаса, ал киши экзамен тапшыра албайт. Мурда башка бирөөнүн ордуна экзамен тапшырган учурлар болсо, эми андай болбойт»,-деди ал.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=2346814938913736&id=100007557576806