КООМ

Жалал-Абад ОИИБи: Кызматта жана спортто өзгөчөлөнгөн кызматкерлер сыйланышты

Бүгүн, 7-октябрда Жалал-Абад ОИИБнин имаратында кезектеги милициянын атайын наамы берилип, эл аралык спорттук мелдештерде жеңгендер жана кызматта өзгөчөлөнгөндөр сыйланышты.
Өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө кошкон зор салымдары жана Кыргыз милициясынын Кылмыш иликтөө кызматынын 101 жылдыгына карата бир катар кызматкерлер ИИМдин сыйлыктарына татыктуу болушту. Алар «Кыргыз милициясы 90 жыл», «Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл» юбилейлик медалдары, «ИИМдин мыкты кызматкери», «Кылмыш иликтөө кызматы» юбилейлик, «Кылмыш иликтөө кызматындагы артыкчылыгы үчүн» төш белгилери жана ИИМдин Ардак грамотасы менен сыйланышты.
Мындан сырткары «Волейбол» боюнча Азиянын зоналдык биринчилигинде 1-орунду ээлегендиги үчүн дагы бир кызматкер Кыргыз дене тарбия спорттук «Динамо» коомдук бирикмеси 90 жыл медалына ээ болду. Ошондой эле Индияда өткөн күжүрмөн самбо боюнча мелдеште ийгиликке жеткендер жана Таластагы Көчмөндөр оюнунда күрөш боюнча 1-орунду алган кызматкер медаль менен сыйланышты.