СПОРТ

Саясатчылар, журналисттер, шоу бизнес өкүлдөрү жана көк бөрүчүлөр футбол ойношту

Бүгүн, 6-октябрда Супер инфо гезити, super.kg сайты жана КРнын Футбол федерациясы тарабынан уюштурулган «Супер футбол 2019» оюну болуп өттү. Оюндун максаты Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасын колдоо болчу.

Оюнга саясатчылар, журналисттер, шоу бизнес өкүлдөрү жана көк бөрүчүлөр катышты.

Алгач, саясатчылар менен журналисттер беттешип, журналисттер утуп алышты. Көк бөрүчүлөр шоу бизнес өкүлдөрүн 1:0 эснбинде утту.

Үчүнчү орун үчүн болгон беттеште саясатчылар шоу бизнес өкүлдөрүнө утулуп калышты. Ал эми көк бөрүчүлөр журналисттерди утуп, кубокту алып кетишти.