КООМ

Жылаңачтангым келбей калды негедир…

Белгилүү телеалпаруучу Назира Айтбекова өзгөчө курч, маанилүү билдирүүлөрүн Фейсбук баракчасына байма-бай жазып жүрөт. Бул жолу көздү сактоо тууралуу жазыптыр.

Көзүмдү карабай эле жер карайт байке. «Жер карап сүйлөгөндү жаман көрөм,- дедим. Жанындагы ага ,- Ал көзүн сактап атат. Көзүбүздү сактаганыбыздын себеби, көрүнгөнгө сук арта берсек, үйдөгү жубайыбызга эмнебиз калат? Жубайыңа ысык болуш үчүн энергияңды көрүнгөнгө коротпош керек,- деди. Мага кызыктуу угулду. Ал тургай жакты. Анткени ага чейин интернет булактардан окуган маалымат эске «кылт» этти. Уят фильм көп көрүп, сырттагы эти көрүнгөн кыздарды көрө берген көздүн дүүлүгүшү кыйын болот экен дагы, сезими мокоп, эрте эле алдан күчтөн тайыйт экен. Аял канча кымтынып жүрсө, тескерисинче кызыктуураак көрүнөт тура. Жабылуу кутучаны кызыгып ачкысы келген сыңары Бутунун томугуна ашык болуп калган чыгармаларда бар го. Африкада жылаңач жүргөн урууларда көзү жылаңач денеге ушунча көнүп калып, желкесиндеги чачы адамды дүүлүктүрөт экен. «Уят», «харам», «күнах», «болбойт», «уят болот» дебей эле илимий тилде түшүндүрүлмөсү элге жетсе, жакшынакай эле жүрүшмөк. Анкени канчалык басым жасалган сайын ошончолук тетири тебилет. Пружинаны баса берчи…физикада бар да бул мыйзам. Баса, төшөктө партнеру көп болсо, ал эркектердин гени кала берет экен аялда. Кийин сүйгөнүңөргө оппокшош, сүйгөнүңөрдөй кыйын тукум төрөп берээрде мурунку өнөктөштөрүңөрдүн жиндидей гени, мүнөзү чыгып калса, таң калбагыла. Ошон үчүн энесинен бөлөк өбө элек кыз керек деп тазалыкты баалашчу тура илгери. Бул таза тукум үчүн керек экен. Ошол. Ошону эле айтып коеюн дегем. Жылаңачтангым келбей калды негедир…

Илимий түшүндүрмөсүн жайылтса эле элдин баары туура жүрмөк.

#жөнэлеойлор