КООМ

Бишкекте милиция кызматкерлери шаар тургунун сабап кетишти (видео)

Биздин редакцияга шаар тургуну кайрылды. Ал 4-октябрдан 5-октябрга караган түнү тууганы 1980-жылы туулган Исаев Ахмедди Свердлов райондук ИИБинин кызматкерлери сабап салганын айтты.
«Ахмедди түнкү саат 00:00дөн баштап, 04:00гө чейин кыйнашты. Кийин бизге белгисиз тарапка алып кетишти. Биз азыр Ахмед каякта экенин билбей жатабыз. Келген кызматкерлер өздөрүн тааныштырган жок, эч кандай официалдуу документ көрсөтүшпөдү»,-дейт ал.
Андан сырткары Ахмеддин жакындары тез жардам кызматын чакырышкан. Бирок милиция кызматкерлери ак халатчандарды киргизбей коюшкан.

Ахмед буга чейин сот жообуна тартылган. Андан кийин бир да жолу мыйзам бузган эмес.