САЯСАТ

Эльвира Сурабалдиева айыл чарба министрине: “Каратып туруп алдаганды токтотпойсуңарбы!”

Депутат Эльвира Сурабалдиева өкмөткө кайрылып 2018-жылы Кыргызстандан чыгарылган айыл чарба продуктулардын канча көлөмү ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн артка кайтарылып келгенин сурады.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев расмий түрдө эч кандай айыл чарба продуктулары кайтарылып келбегенин билдирди.

Мындан улам депутат Сурабалдиева министр калп айтып жатканын билдирип, ишин сынга алды. “Бөлүм башчыларды “министрдин орун басары рангында” деп иш сапарга жибергенде кыйынсыңар. Сөздүн ачыгы “айыл чарба товарлары кайра тонналап артка кайрылбай ошол жерде өз баасынан арзан берилип жатат” деп айтышыңыз керек эле. Бул биринчи. Экинчиден, Айыл чарба министрине айта турган сөз. 25-29-сентябрь күндөрү резиденцияда “Евразия жумалыгы” деген форум өттү. Сиздер бардыңыздарбы? Ошол жерде Тигран Саркисян ачык туруп ишкерлерди күнөөлөптүр. Буга айыл чарба министри Эркинден Урайымович сиз күнөөлүүсүз, Экономика министри күнөөлүү. Азыр бул жактан бет тырмоочулук кылып “бир дагы фура кайрылып келген жок” деп кантип айтып жатасыз? Сиз билесиз да алар ал жакта арзан баада берүүгө мажбур болгонун. Муну баарыбыз билебиз да”, — деп сынга алды Сурабалдиева.

Мындан кийин Сурабалдиева: “Кыргызстандын ЕАЭБдеги министрлери баары резиденцияда жүрөт. Парламент төрт жылдан бери бул жакка чакырып келебиз. Бирок бирөөсү да басып келген жок. Эмнеге келбейт, эмнеге бизди тоготпойт? Айлыктары 15-20 миң евро. Мен биздин ЕАЭБдеги министрлерибизди чакыртып алуу боюнча президентке, өкмөт башчы жана төрагага кайрылам”, — деди.

Комитет төрагасы Салайдин Айдаров Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлдөрүн чакыртып алуу көпкө созулчу процесс экенин айтты.