САЯСАТ

Момбеков өкмөткө эми өтүнбөйт

Р. Момбеков

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков өкмөттүн «Манас» эпосу боюнча мыйзамга жана Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдык маарекесин белгилөөгө болгон мамилесин сынга алды.

Эл өкүлү өкмөт өкүлүнө кайрылып: “Кыргызда “Башканы коюп Манасты айт” деген сөз бар. Кечээ Улуттук биринчи каналдан бир сааттык “Мамлекеттин Манаска болгон мамилеси” деген берүү болуп, ага окумуштуулар, манасчылар, Жогорку Кеңештен мен катыштым. Бирок өкмөттөн бир дагы киши катышкан жок. Мына, мамлекеттин Манаска болгон мамилеси. Ал жерде өкмөттүн дарегине аябай ачуу сындар айтылды, “эмне үчүн «Манас» эпосу боюнча мыйзамды өкмөт аткарбай жатат?” деп. Мыйзам 2011-жылы кабыл алынса, 2012-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Өмүрбек Токтогулович тарабынан 5 жылдык улуттук программа кабыл алыныптыр, бирок 5 пайызы да ишке ашпаптыр. Анда мыйзамды эмнеге чыгардык? Биз Манасты коргой албай жатпайбызбы. Дегеле дени сак өлкөдө улуттук мурасты мыйзам менен коргобойт, ыйман менен коргойт. Манас атабыз кыргыз элин, жерин эч кандай уставы жок, уруксаты жок эле сактап келбедиби. Эми биз мыйзам менен коргоп жатабыз. “Манас” деген арак чыгып жатат. Төрт жолу өкмөт талкуулап токтото албай коюптур. Манасты биз коргошубуз керекпи?!”, — деп катуу сын айтты.

Андан кийин Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгын белгилөө боюнча даярдыкты сынга алды.

“Кыргызга эмес, кыргызды дүйнөгө тааныткан Сүймөнкул Чокморов деген СССРдин эл артисти бар. Анын 80 жылдык маарекеси өкмөттүк иш чара болуш керек эле. Өкмөт өчөшкөнсүп маданият министрлигине өткөрүп койсо, министрлик аны Кинематография департаментине өткөрүп салыптыр. Ошол кишинин деңгээлин департаментке түшүрөсүңөрбү?! Эртеңки анын тоюна Орусиядан Наталья Аринбасарова, Асанали Ашимов, Али Хамраев келатыптыр. Анан ошол коңшу өлкөдөн коноктор келип жатса иш чараны департамент өткөрүп жатса, бул өкмөткө уятпы?! Анан бир сом да акча каралбаптыр. Аида Камчыбековна, өкмөткө өкүргүм дагы, өтүнгүм да келбей калды. Андыктан мен президентибизге кайрылам. Кыргызда “Кыргыздын өңү Сүймөнкулдун өңүндөй” деген сөздүн төгүнү болбосо, Урматтуу президент, президенттик фондуңуздан Чокморовдун өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн жашыл акчадан бир пачке берип койгула! Конокторго, коңшу өлкөлөргө уят болбой өткөрүп алалы. Ал тарыхта татыктуу киши”, — деп билдирди.

Вице-спикер Аида Касымалиева Жогорку Кеңеш тарабынан Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан көргөзмөгө акча каралып жатканын айтып, депутаттын сунушу эске алына турганын белгиледи.