САЯСАТ

Төрөбаев: Ширин Айтматова бирөөнү күнөөлөгөндөн мурда атасынын музейин карап алсын

Бакыт Төрөбаев

ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев Ширин Айтматованын парламентте буудай, ун өндүрүү жаатындагы лобби тууралуу иликтөөсүнө жооп берди.

«Ширин Айтматова бирөөнү күнөөлөгөндөн мурда өз атасынын музейинин абалын карап алсын»,- деген депутат ун жаатында эмгектенгенине сыймыктанаарын айтты.

Төрөбаевдин пикиринде, Айтматова айтып жаткан 650 миллион сом өлкөдөгү бардык ун тармагы төлөгөн салыктын акчасы. Азыр бул тармак Кыргызстанда жабылгандыктан, ун чыгарган ишканалар аспаптарын сатып жатышат. Ал депутаттыкка чейин бул тармакта иштегенин, фермерлерди арзан жем менен камсыз кылып тургандыгын белгиледи.

» Азыр бардык жем Казакстандан келип, килосу 15 сом турат. Биз иштеген кезде 2-3 эсе арзан болчу. Биз салык катары төлөгөн 650 миллион сом, азыр өлкө казынасына түшпөйт. Баары аткезчилик менен Казакстандан алып келишет. 20 миңге жакын иш оруну жабылып калды. Мен оюмча Ширин Айтматова коррупцияга каршы күрөшкөн адам катары Атамбаевдин ордун ээлегиси келип жатат. Же өзүн кыргыздын Алексей Навальныйы катары көрсөткүсү келүүдө. Ага айтаарым, бирөөнү күнөөлөгөндөн мурда, өз атасынын — Чыңгыз Айтматовдун музейинин абалын карап алсын. Ал адамдык көңүл бурууга, оңдоп-түздөөгө муктаж. Дагы жакшы музейди караган агасы Эльдияр бар экен»,- деди эл өкүлү.

Ширин Айтматова буга чейин Жогорку Кеңештин үч фракциясынын лидерлери ун тармагына болгон салыктык жеңилдөтүүлөр аркылуу 650 миллион сом каражат табышканын билдирген эле.