САЯСАТ

Момбеков: Курсан Асановго дооматты да жөндөп коё албай жатышат

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Фабула гезитине ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов тууралуу маек бериптир.

Ал өзүнүн интервьюсунда К. Асановго карата куугунтук болуп жатканын, ал куугунтукка баласын аралаштырып жатышканы туура эместигин айткан.
Эл өкүлүнүн айтымында, Курсан Асановго карата милициянын кызыкчылыгын сатты деп коюлган берене мыйзамда жазылган эмес.
«Милициянын кызыкчылыгын сатты дегенде берене жок. Мамлекеттин кызыкчылыгын сатты деген гана берене бар. Ушул жагын эске алсак, Курсан Асановго дооматты да жөндөп кое албай жатышат»,-дейт Момбеков.
Депутаттын баамында К. Асановдун чини, алган сыйлыктары жокко чыгарылбашы керек. Анткени, бул даражага Асанов өз эмгеги менен жеткен.