КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Чүй ОИИББы: Панфилов районундагы балык чарбасынан ири суммага балык алып алдап жүрөт деген окуя боюнча

2019-жылдын 22-август күнү Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө 25 жаштагы жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 2019-жылдын 5-август күнү чала тааныш “Эмил” аттуу жаран арыз ээсинин Панфилов районунун аймагында жайгашкан балык чарбасынан насыяга 2019-жылдын 20-августуна чейин деп 2002500 сомго майда балыктарды (малек) алып кетип бүгүнкү күнгө чейин акчасын бербей жүргөнүн билдирип, ага карата чара көрүп берүүнү суранган.


Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө жогорудагы жарандын өздүгү такталып, ал Ысык-Ата районунун 43 жаштагы жашоочусу К.Э. экендиги маалым болуп, милиция кызматкерлери тарабынан тергөө кызматына жеткирилген.
Үстүбүздөгү жылдын 25-август күнү сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында арыздануучу С.И. жана балык алган К.Э. аттуу жарандарды беттештирүү иш-чарасы болуп, алардын буга чейин эле бири-бири менен мамилелери болгону аныкталып, ортодо аласа-бересе каражаттары бар экендиги маалым болгон. Бүгүнкү күнү Панфилов районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.