КООМ

Отставкадагы полковник досу экөө ишкерди 3 млн. сомго алдап кетишкен

2019-жылдын 5-августунда “Тянь-Шань форель” ЖЧКсына милициянын отставкадагы полковниги М.Р жана К.Э аттуу ишкерлер келип, “бир жумада акчасын алып келип беребиз”,-деп 3 миллион сомдук балыктын чабактарын алып кетет.
Убада кылынган күн келгенде экинчи тарап акчаны бербөөнүн амалын издеп, ар кандай шылтоолорду айтып жолукпай качып кетишет. Акчасын кайтара албаган ишкер Панфилов райондук ИИБине арыз менен кайрылат. Анын арызы Кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине 22-август күнү 204-берененин 2-бөлүгү менен катталат.


Арадан 15 күндөй убакыт өтсө да, Панфилов РИИБинин тергөөчүлөрү, райондук прокуратура кызматкерлери шектүүлөрдү камакка ала элек. Арыздын үстүнөн иш жүрбөй жатканына отставкадагы полковник М.Рдин тиешеси болушу мүмкүнбү, эгерде карапайым адамдар кокусунан кылмышка шектүү катары кармалса, дароо убактылуу кармоочу жайга киргизилет. 3 млн. сомго алдаган кишилердин ээн эркин жүрүшүн кандай түшүнсөк болот?