КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

ИИМ. А.БАТУКАЕВДИН МЫЙЗАМСЫЗ БОШОП КЕТҮҮСҮ БОЮНЧА СОТКО ЧЕЙИНКИ ӨНДҮРҮШ АЯКТАП КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨРГӨ АЙЫБЫ УГУЗУЛУП ЖАТАТ

Азиз Батукаев

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан А.Батукаевди камактан мыйзамсыз бошотууга байланышкан сотко чейинки өндүрүш аяктады. Учурда кылмышка күнөөлүү бардык фигуранттарга айыптары угузулуп, аларга коюлган айыптар менен тааныштырылууда. Андан соң жакын арада сотко чейинки өндүрүштө тергелип аяктаган кылмыш иши Башкы прокуратура аркылуу сот органдарына жиберилет.