КООМ

«Тайсон» курун сактап калды

17-август күнү Чолпон-Ата шаарында AIKOL FC уюштурган беттеш болуп өттү. Ага Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан спортчулар катышты.

Иш-чара Кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн колдоосу менен өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Ү. Кыдыралиев, мурдагы ИИМ министри Мелис Турганбаев баштаган саясатчылар катышты.

Беттешке 22 спортчу катышып, негизги беттеш Канат Келдибековдун курду сактап калуу учун болгон беттеши болду. Жыйынтыгында мекендешибиз Россиядан келген атаандашын биринчи раундда утуп, өзүнүн курун сактап калды.

https://m.facebook.com/story.php?story_fbid=2309146269347270&id=100007557576806