КООМ

Соода бүттүбү Космос байке?

Батукаевдин иши боюнча 2 айга кармалып, кийинчерээк үй камагына чыккан Динара Зарлыковна Сагинбаеванын ордуна дагы деле эч ким дайындала элек.

Республикадагы көзгө басар оорукананын жетекчилигин дайындоо эмнеге кечиктирилип жатат белгисиз. Же Космосбектин «соодасы» бүтө элекпи?
Жетекчилик жок коллективде баш аламан, ички интригалар күчөп, иш жүрбөй жаткан учур. Бул баш аламандыкка ким жооп берет. Же калктын саламаттыгы экинчи орунда кала береби?

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаев оор дартка кабылган деген негизде Нарындагы түрмөдөн бошотулган. Дал ошол иш боюнча депутат Зарылбек Рысалиев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече саясатчыларга кылмыш иши козголгон. Батукаевге диагноз койгон дарыгерлер учурда тергөө абагында жатышат.