КООМ

Журналист Элеонора Бейшенбек кызы алкымына алы жетпей азгырылып, кимдин ырын ырдап, обонун созуп калды?

“Кыргызстанда таза адам калдыбы?”-деп суроо салгың келет. Анткени, кандайдыр бир чындыкты сүйлөп жүргөндөй болуп, чуулдап чуркап жүргөн адамдарды көрөсүң. Акыркы жылдары “мен укмуш журналистмин”- деп дайым төш кагып жүргөн «Азаттыктын» кабарчысы Элеонора Бейшенбек кызын таанысаңар керек. Көрсө ал ар бир иликтөөсүн “патриоттук сезими” же “чындык үчүн” кылбайт экен. Баскан турганы акча тура. 

Айрым маалыматтарга таянсак, бул журналист айым коомчулук коррупционер катары эсептеген Раим Матраимовдун колтугунан орун алганы айтылууда. Тагыраагы, Раимбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов менен жең ичинен соодалашып, алардын арыгын чаап берем дегени кандай? 

Көрөгөч Маамыттын айтымында Искендер Матраимов Элеонора айымга жол тандабас авто унаа белек кылып, аны  менен кошуп бир тууганын  Жалал-Абад шаардык ИИБине чоң кызматка дайындап бергени каңкууланууда. Буга далил катары ар-дайым жөө жүргөн Элеонора айым акыркы кездери чиренип жол тандабас унаасын минип жүргөнүн көргөн билгендер айтып жатышат. Акыркы күндөрү Алардын кудугунан суу ичкен Элеонора айым, кудуңдаган бойдон аларды актап-жактап, аларга каршыларды каралап айтор буту үзүлгөнчө чуркап кызмат кыла баштаганы чынбы? Анын акыркы кызматтык кадамдары ушул багытта кетип жаткан сыяктуу.