КООМ

«Апрель» жабылып, Алга Кылычов камалды

ИИМ: 7-августтагы окуя боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында А. Атамбаевдин бир катар тарапташтары Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы УКМКнын кызматкерлерин барымтага алуу жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы массалык башаламандыкты уюштуруу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат.
Азыркы учурда ИИМдин тергөө кызматы тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө.
Кечээ, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык мындан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн А. Атамбаевдин тарапташтары суралды, андан сырткары медиа форум акционердик коомунун жана «Апрель тв» телевидениесинин мүлкү камакка алынды. Тергөө иш-чараларын жүргүзүүнүн жүрүшүндө КСДПнын Штабынын өкүлдөрү А. Кылычов менен А.Жамгырчиев Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.
ИИМдин Басма сөз кызматы