САЯСАТ

Атамбаев колго түшүп берди

Бүгүн, 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой Таштагы үйүндө колго түшүрүлдү.

Айрым маалымат каражаттары жазганына таянсак, узакка созулган сүйлөшүүдөн кийин Атамбаев багынып берген.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу күбө катары 3 жолу суракка чакырылып, бирок келбей койгон.