КООМ

«Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom соода белгиси) «Ким чалды?» кызматы тууралуу расмий билдирүүсү

MegaCom компаниясынын «Ким чалды?» кызматынын абоненттик төлөмү тууралуу ММК, социалдык түйүндөрдө жана башка популярдуу интернет баракчаларда, атайын кызыкдар болгон тараптардын аракети менен, терс мүнөздөгү маалыматтар жайылтылууда. Алардын максаты — MegaCom компаниясынын имиджине доо келтирип, каралоо жана ага терс таасир тийгизүү.
Буга байланыштуу мобилдик оператор төмөнкү маалыматты билдирет:

Компаниянын абоненттери «Ким чалды?» кызматын каалаган учурда кошуп же өчүрө алышат, бул үчүн атайын USSD-буйруулар каралган (2001*1# жана *20010#). Кызматтын баасы – 0,5 сом. Белгилеп кетчү нерсе, ушул сыяктуу кызмат КРнын башка уюлдук операторлорунда да бар, алардын баасы, MegaCom компаниясынын кызматына салыштырмалуу, бир кыйла жогору (2 сомго чейин).

«Альфа Телеком» ЖАК (MegaCom соода белгиси) мамлекеттик компания катары КРнын мыйзамдарына ылайык иш алып барат жана өз абоненттеринин укуктарынын бузулушуна жол бербейт.