КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Араванда опузалап коркутуп акча талап кылгандар кармалды

2019-жылдын 3-август күнү Араван районунун ички иштер бөлүмүнө С.Юсупов айыл аймагынын тургуну 1993-жылы туулган Э.М., аттуу жарандын үйүнө бей тааныш азият улутундагы 2 жарандар келишип, жабырлануучуну үйүнөн белгисиз тарапка алып чыгып кеткендиги тууралуу кабар келиш түшкөн.
Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн криминалдык милиция кызматы жана Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде 2019-жылдын 3-август күнү Араван районунунда коркутуу менен опузалап акча талап кылган Кара-Суу районунун тургундары 1988-жылы туулган Ю.Х.,жана 1988-жылы туулган И.Ж., атту жарандар жабырлануучу Араван районунун тургуну 1993-жылы туулган Э.М., аттуу жарандан опузалап 10 000 (он миң ) сом акча талап кылып, акчаны алган жеринен кармалышты.
Тергөөнүн жүрүшүндө, кылмышка шектүүлөр Ю.Х., жана И.Ж., 2019-жылдын 2-август күнү саат 02:00 чамасында Араван районунун С.Юсупов айыл аймагынын тургуну 1993-жылы туулган Э.М., аттуу жарандын үйүнө киришип, өздөрүн крим чөйрөнүн идеологиясын кармана тургандыгын, мурда соттолгондугун айтып коркутуп, жабырлануучу Э.М.,аттуу жаранды бир неге жолу уруп денесине жарат келтирип, 50 000 (элүү миң) сом бересиң, болбосо бычак менен сайып өлтүрөбүз деген коркутуу менен опузалап акча талап кылышкандыгы тууралуу аныкталган.
Бул факт Араван РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 203-берененин (опузалап акча талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кылмышка шектүүлөр Ю.Х., жана И.Ж., Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат.