САЯСАТ

Президент ийгиликтүү ишкердин иши менен таанышты

Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарын кыдырууну улантууда. Жумушчу сапарынын алкагында Президент Панфилов районунун жашоочулары менен жолугушуп, улуттук долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө айтып берди, атап айтканда, калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, бизнеске жагымдуу шарттарды түзүү, ата мекендик экспорттук потенциалды жогорулатуу боюнча чаралар, Кыргызстандын жүргүзүлүп жаткан тышкы саясаты жөнүндө сөз болду.

Үч сааттан ашуун созулган жолугушууда жергиликтүү тургундар жол инфраструктурасын, социалдык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, коррупция менен күрөшүү, билим берүү, спорт, саламаттыкты сактоо тармактары, сот-укуктук реформа, калктын жакыр катмарына жардам берүүгө байланышкан суроолорду беришти.

Жумушчу сапарынын алкагында Мамлекет башчысы ошондой эле Панфилов районунун социалдык тармагындагы долбоорлору менен таанышты.
Президент Панфиловка айылын таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке киргизүү иш-чарасына катышып, Букара айылындагы орто мектебинин жаңы имаратын көрүп чыкты.


Мындан тышкары, Мамлекет башчысы кеңейтүү үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун каражаттары тартылган Вознесеновка айылындагы «Тянь-Шань форель» ЖЧКсы балык чарбасы менен таанышты.

Кечээ, 31-июлда Президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Панфилов районуна болгон жумушчу иш сапарынын алкагында…

Опубликовано Волк.KG Четверг, 1 августа 2019 г.

Ошондой эле, ийгиликтүү ишкердин кылып жаткан ишине оң баа берип, ийгиликтерди каалады жана кичи жана орто бизнести өнүктүрүүдө алгылыктуу иштер болуп жатканын баса белгиледи. Жеке ишкер Илгиз Сарылдык уулу, Панфилов районундагы  Вознесеновка айылында жайгашкан «Тянь-Шань форель» балык чарбасынын жетекчиси.