КООМ

«Калыс Ордо» жыйыны Атамбаевди мыйзамды барктоого, элибизди тынчтыкты сактоого чакырат

Атамбаев Алмазбек

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык президенттик ишмердүүлүгүндө бир катар оор кылмыштарга катыштыгы бар болушу мүмкүн экендиги Баш прокуратура тарабынан тастыкталган соң, парламент анын «экс-президент» деген статусун алып салган. Демек, эми А. Атамбаевдин эч кандай кол тийбестиги жок, кадимки эле катардагы жарандардай укукка ээ.
Бирок, ал Кыргызстандын Конституциясында жазылып тургандай бардык эле жарандар менен бирдей укукта болгусу келбей жатканы өкүнүчтүү болууда. Тактап айтсак, ага ИИМдин тергөө башкармалыгынан эки ирет күбө катары суракка чакыруу барды. Бирок, АША «Мен ал кагазды колума да кармап койбойм. Эгер үйүмө келип алып кетем дешсе, анда куралым бар, коргоном» деп кадимки эле бандиттердин сөзүн сүйлөдү.
Ал өзүнүн Кой-Таштагы хансарайына айылдаштарын, акча үчүн келген айрым адамдарды топтоп алып, улам бирден бука сойдуруп, концерт койдуруп эле өзүнчө шоу уюштуруп жүрөт. Анан дагы сүйлөгөн сөздөрүндө өлкөбүздү түндүк-түштүккө бөлгөн аракеттер да байкалууда. Ал эми анын маалыматтык саясатын жүргүзгөндөр ачык эле трайбалисттик билдирүүлөрдү, элди бөлүп-жарган чакырыктарды таратууда.
Мына ушундай кырдаалда өлкөбүздүн жети дубанынан келген аксакалдардан турган «Калыс Ордо» жыйыны президент Сооронбай Жээнбековго, жалпы кыргыз элине, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жасашты.
Анда жыйындын катышуучулары Кыргызстандын президенти Конституциянын 60-беренесине ылайык мамлекет башчысы болуп саналарын, Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп тура турганын белгилешет. «Ошондуктан урматтуу Сооронбай Шарипович, Сиз мамлекет башчысы болгондуктан, Журт башы катары республикабыздын бардык жарандарынын эркин укугун жана коопсуздугун камсыздандыруу боюнча гарант болуу – ыйык вазыйпаӊыз деп билебиз! Биз, жети дубандын коомчулугунун аксакалдары, республикабызда түзүлгөн учурдагы терс кырдаалга өтө тынчсыздануудабыз. Сизден суранаарыбыз, учурдагы кырдаалды оӊдоо үчүн, тез арада улуу жоопкерчилик менен бардык аракеттерди колдонуп, Журт алдында берген антыӊызды адилеттүү аткаруу менен, мыйзамдуулукту туу тутуп, араздашкан тараптардын мүдөөсүнүн укук талаасында каралышына гарант болушуӊузду тереӊ ишеним менен күтөбүз. Урматтуу Президент! Сизди жалпы эл чоң үмүт менен шайлаган. Сиздин таянаар тооӊуз – Кыргыз элинин ишеними! Мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн мыйзамдуу чечимиӊизди жалпы эл колдойт! Үчүнчү төӊкөрүшкө элибиз жол бербейт!», — деп жазылат анда.
Ал эми мурдагы президент А. Атамбаевди мыйзамды сыйлоого чакырышат. «Сиз президент болуп турган учуруӊузда коомчулук алдына байма-бай чыгып, баарыбыздын даражабызга, кызматыбызга жана улутубузга карабай, кабыл алынган Башмыйзам менен жашоону үндөп, ишендирип эле келбей, укук багытында талап кылып келгенсиз», — дейт аксакалдар. Бул айныгыс чындык. А. Атамбаев өзү бийликте турганда митинг-пикет уюштурган саясатчыларды «бузукулар, сасыктар» деп шыбайт эле. Эми өзү ошол бузукулукту жасап атканын түшүнгүсү келбей турат.
«Эл журтка арткан ишенимиӊиз бүгүнкү учурда тагдырдын таразасына кабылып, сыноого тушуккан тагдырыӊызды сабырдуулук менен кабыл алып, жеке укугуӊузду мыйзам аркылуу коргоп алууӊузду эл талап кылууда. 2011-2017- жылдардагы Сиздин бийлик учуруӊузда саясий куугунтуктан жапа чегип, азап-кордук тарткан кыйла мамлекеттик, коомдук ишмерлердин, ММК өкүлдөрүнүн толук акталышы дагы эле күн тартибинде көйгөйлүү маселе боюнча калууда. Учур сизди оор сыноодон өткөрүүдө. Сиздин мыйзамга көрсөтөөр урматыӊызды элибиз ишеним менен күтөт. Эл ишенимин актасаӊыз, мыйзамды барктайсыз. Ал эми биз – коомчулуктун аксакалдары, Сизди дагы мыйзам чегинде жеке укугуӊузду коргоп алууга аракет кылууга чакырабыз», — дешет алар.
Кайрылууда элибиз башынан эки революция өткөргөнүн, андай башаламандыктарда өлкөбүз таланып-тонолгонун эске салат. Мындай ыңкылаптар өлкөнүн өнүгүшүнө кедергисин гана тийгизе турганын эскертишет. Биз эми мындан ары укук талаасында, мыйзам алкагында гана иш алып барып, өлкөбүздүн өнүгүүсүн камсыздашыбыз керек.