КООМ

Жасалма иликтөөлөр же Алканова казактарды кантип алдады?

“Кыргызстанда таза адам калдыбы?”-деп суроо салгың келет. Анткени, кандайдыр бир чындыкты сүйлөп жүргөндөй болуп, чуулдап чуркап жүргөн адамдарды көрөсүң. Акыркы эки жылдан бери “мен укмуш иликтөө кылдым”, “мен укмуш журналистмин”-деп дайым төш кагып жүргөн Элнура Алканованы таанысаңар керек. Көрсө ар бир иликтөөсүн “патриоттук сезими” же “чындык үчүн” кылбайт экен. Баскан турганы акча тура. Жакында эле Казакстанда Go Viral – 2019 аттуу идеалардын фестивалы болуп өттү. Ал жерде “укмуш” иликтөөлөрдү жасап жүрөт деген Элнура Алкановага дагы убакыт берип, сөзүн угуп көрүшкөн. Сөзүнүн башынан аягына чейин “менин иликтөөмдө” деп улам кайталап отуруп, эң “резонанстуу” жана “ийгиликтүү” иши катары Сапар Исаковго байланыштуу деп эсептеген иликтөөсүн атаптыр. Ал тургай “менин иликтөөмдөн кийин премьер-министр кызматынан кетип, камака алынды”-деп айтыптыр. Бирок, Сапар Исаковдун эмне иш менен камака алынганын унутуп калганбы же башкаларды сөз болсо уга берет деп ойлодубу? Айтор, ушундай калптарын өзү байкабай калып жатты.
Биринчиден, Сапар Исаков журналист Элнура Алканова айткан “Идеал Хаус” турак-үйлөрү боюнча эмес Бишкек ТЭЦ иши боюнча камака алынган. Экинчиден, кимдир бирөөлөрдүн буйрутмасы менен Элнура Алканованын иликтөөсү 2017-жылдын ноябрь айында чыккан. Ал эми Сапар Исаков Өкмөт башчылык кызматтан парламенттин депутаттары аркылуу 2018-жылдын апрель айынын аягында кеткен. Идеал Хаус боюнча иликтөө менен парламенттин дептуттарынын айырмасы бар урматтуу Алканова.
АКШ элчилигинин акчасына кыдырып, фестивалга катышып казактарга ушинтип калп айтып койсом ишенишет же Кыргызстандыктар укпай калат деп ойлодубу балким? Дагы бир кошмчалай кетчү нерсе. Алканованын “Идеал Хаус” боюнча иликтөөсүн прокуратура карап чыгып Сапар Исаковдон эч кандай күнөө таба алган эмес. Тактап айтканда Алканованын иликтөөсү чындыка окшоштурулуп, монтаждалган буйрутма иликтөө экени, элди ушундай жасалма иликтөөлөр менен алдап келе жатканы аныкталып отурат. Бул сөзүбүз куру болбошу үчүн бир жума мурда элди баары ууру катары эсептеген Раим Матраимовду актаган иликтөөсүн чыгарды. Орустар айткандай “как обычно” ал иликтөөсүндө дагы Кыргызстандыктарды жасалма, монтаждалган, башты айланткан жоругун кайталаган. Эл Раим Матраимовдун акчаларынын адал экенине Элнура Алканованын жасалма чындык издеген иликтөөсүнөн кийин ишенип калышабы?