КООМ

Кызыл-Кыяда авиа кассага кирип уурулук жасап жүргөн адам кармалды

Ушул жылдын июль айларынын башынан бери түн ичинде Кызыл-Кыя шаарындагы жайгашкан авикассаларга түн ичинде киришип, кассадан акча жана башка баалуу нерселерди уурдап, ошондой эле банкоматтарды бузуп ичиндеги акчаларды уурдоого аракет кылып жүргөн жаран кармалды.
Кызыл-Кыя ШИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ноокат районунун Көк-Жар айылынын 31жаштагы тургуну авиа кассаларга түн ичинде потологун бузуп кирип, уурулук жасап жүргөндүгүн аныктап, шаарда жайгашкан базардан кармашкан. Бул жаран Кызыл-Кыя шаарынан эле 3 факт уурулук, 2 факт уурулук кылууга аракет жасап жалпысынан 100миң сомдун тегерегинде зыян алып келген. Териштирүү иштеринин натыйжасында бул эргул Ноокат районунан дагы 2 факт уурулук жасагандыгы аныкталды.
Жогорудагы фактылар Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне катталып, азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.