КООМ

Россияда жүргөн мекендештерибиз Мадумаровду «арам, арамкор, арамзада» аташты

Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын жөө чечен лидери Адахан Мадумаровго карата Россияда жүргөн мекендештерибиздин да ишеними биротоло соолуп калганы белгилүү болууда. Болбосо, бардык шайлоолордо Мадумаров добушту көбүнесе ушул мигранттардан алчу. Алар өлкө сыртында жүргөндүктөн Мадумаровдун тез эле өзгөрүлмөлүү экенин көпкө чейин байкабай жүрүштү окшойт. Анан акыры анын ашынган куу экенин, кимден акча чыкса ошонун кулу болууга даярдыгын, кече эле таптакыр позициясы келишпечүдөй болуп жүргөн саясатчылар менен деле бат эле камыр-жумур болуп кошулуп, алардын колундагы курал болууга да ынтызар боло берерин мигранттар да билип калышты.
Буга себеп Мадумаровдун бүгүнкү күндө тымызын мурдагы президент А. Атамбаевдин камчысын чаап атканы болду. Болбосо, АША бийликте турган кезде Мадумаров аны өтө катуу сындап, жасап жаткан иштеринин баарын туура эмес деп келген эле. Эми бүгүн «Эгер Атамбаев элден кечирим сураса, мен аны менен кызматташууга даярмын» деп жүрөт. Ошондо кыргыз эли Батукаевди бошоткон, Бишкек ТЭЦинен, Тарых музейинен, Чолпон-Атадагы ипподромдон, Датка-Кеминден, Жазуучулар союзунан миллиондорду уурдаган мурдагы президентти кечириши керек болобу? Ошонун баарына тойбой контрабандалык товарларды ташып жүрүп акыры Дача Суда таңкы уйкуда жаткан 39 адамдын өмүрүнүн кыйылышына себепкер болгон ач көз АШАны кечириш керекпи? Ошончо адамдын өмүрү тыйынга арзыбай калабы ошондо?
Россияда жүргөн мекендештер мына ушундай суроолорду кабыргасынан коюшат. «Биз сыртта жүргөн эмгек мигранттары Мадумаровду шайлоо учурунда кожодой колдоп, мындан таза, мындан сабаттуу, президент болууга мындан татыктуу адам жок деп адашып жүрүптүрбүз. Ал азыркы күндө «Мен кеткен адамды артынан жамандабайм, Атамбаевге убагында айтыш керек эле» деп сайрап жүрөт. Эмне президенттик учурунда толгон-токой кылмыштарды кылган адамды, президенттиктен кеткенден кийин кечириш керекпи, макташ керекпи? Анда эмне үчүн «Мен макул эмесмин» кыймылын түздү? Бул кыймылдын талаптары бүт Атамбаевдин жүргүзгөн саясатына каршы эмес беле? Биз ошон үчүн кошулганбыз да бул кыймылга. Андан тышкары «Эгер Атамбаев элден кечирим сураса, мен аны менен кызматташууга даярмын» деген. Мадумаровго суроо туулат: Эгер эле чекчеңдеп сүйлөп жатканыңдай чынчыл болсоң, анда Кыргызстанды сазга тыгып койгон Атамбаев менен эмес, Атамбаевдин жолун улабай, өз алдынча иш жүргүзүп жаткан Жээнбеков менен кызматташпайт белең? Демек, сенин максатың президент гана болуу экен. Президент болсоң гана кызмат кылат экенсиң, болбосо жок», — деген постту Шамурза Бөрүкулов аттуу мигрант өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.
Эске сала кетсек, Мадумаровго карата ушундай эле нааразычылыкты эмгек мигранттары мындан бир нече ай мурун дагы жасашкан. Демек, Адахан мырза элдин ишениминен чыкканын түшүнсөк болот. Эми калган-каткан кадыр-баркын биротоло жоготуп алганча, үйүндө неберелерин эркелетип, сакалын (пайгамбар жашына келип калды сакал койсун да) аста сылап коюп эле жата берсе болчудай.