КООМ

Бишкек СЭЗдин таатаалдашкан тагдыры

Кыргызстанда шайлоо алдында бардык талапкерлер ишкерликти өнүктүрүү, аларга кысым жасабоо, инвестиция тартууну элге убада кылышат. Албетте, бул убада аткарылса өлкөнүн казынасы толуп, жумушсуздук азайып, экономикага пайда гана алып келээри турган иш. Бирок, ар кандай себептерден улам ишкерлерге жетишээрлик мүмкүнчүлүк түзүлбөй келет. Бул үчүн бүгүн бир мисал келтире кетели. 1995-жылы негизделип, бир кезде 10 миңдей адам иштеп гулдөп, учурда тагдыры оорлошуп 1000ден ашуун жумушчу менен калган Бишкек эркин экономикалык аймагы буга чоң мисал. Өлкөдө 90-жылдары коррупция гулдөп, ишкерлерди салыкчысы, прокурору, милициясы биригип күн сайын текшерип, акчаларын тоноп турган учурда замандын талабына ылайык атайын эркин экономикалык аймак деп түзүлгөн. Бул эл аралык стандрттарга жооп берген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында атайын жазылган укуктук нормаларда каралган. Бирок, 1995-жылы эркин экономикалык аймак түзүлүп, андан ары укукттук, нормативдик эрежелери жаңырган эмес. Ал тургай ар кандай мафиялык топтордун аркасы менен Бишкек эркин экономикалык аймак эмес эле ишкерлерге кысым эң көп жасалган, инвесторлорду тартуу эмес чочутуучу, ижара бааларын, каттоо процесстерин директордун өз билемдик менен чечкен убактысы күч алганын айта кетпесек болбойт. Бишкек эркин экономикалык аймагы дирекциясынын директору Дүйшөн Ирсалиев 2016-жылы кызматка дайындалган. Ирсалиев келгени аймактан инвесторлор качып жатканы тууралуу “Азаттыктын” иликтөөсүнөн кийин маалым болду. Мурда 1000ден ашуун компания катталган болсо быйылкы жылы 300дөй эле калган. Бул эркин экономикалык аймакта инвесторлордун иштөөгө кызыкчылыгы, мүмкүнчүлүгү жок калганын далилдейт. Атайын корголгон аймактын мааниси дагы жогору, туш келди эле каалаган мамлекеттик органдар текшерип, каалаганы акчасын тоноп, салыктарын өлчөмсүз алып жаткандыктан ишкерлерди коргоогон өзүнчө аймак. Бирок, бул маанисин жоготкон, заты жок эркин экономикалык аймак деген аты гана калган. Мисалы катары аймакты башкарган дирекцияда салыктын, ижара акынын, юридикалык жактарды каттоону коррупциялык булака айландырып алышы инвесторлордун качуусуна бир чоң себеп болду. Жакын арада иликтөөбүздө Бишкек эркин экономикалык аймактагы чогултулган салыктар жана анын каяка кетип жатканы, дирекциядагы “мертвый душалар” тууралуу айтып бермекчибиз.