КООМ

Ош ОИИБи: сот аткаруучуга кол көтөргөн аялга чара көрүлөт

Видеодо формачан адамды түрткүлөгөн аялга карата тергөө иши башталды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
2019-жылдын 6-июль күнү соцтармактарда белгисиз аял сот аткаруучуну түрткүөлөп жаткан видео таркаган. Таркаган видеодогу сот аткаруучуну Кара-Суу райондук сотунун сот аткаруучусу 1977-ж.т.К.Мди түрткүлөгөн аялдын 1967-ж.т Ош шаарынын жашоочусу Э.М (аял киши) үстүнөн 2019-жылдын 6-июль күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жоруктар боюнча кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жоруктар Кодексинин 119-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынып, Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып текшерүү иштери башталды.