САЯСАТ

Атамбаевдин сабактары…

Парламент Атамбаевдин кол тийбестигин алып салуу боюнча депутаттык комиссия түзүүнү талкуулап баштаган убакта Каныбек Иманалиев мурдагы президенттин ишмердүүлүгүнө тарыхый баа берүү муктаждыгы бар экенин билдирген. Мындай муктаждыкты жасоо кийинки муун үчүн сабак болууга да керек экенин айткан. Тилекке каршы, анын айткандарына кесиптештери анчейин көңүл бурбай коюшту. Парламент Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө тарыхый баа берүүнү ордуна эртерээк эле анын убагындагы мыйзам бузууларды жана аларга мурдагы ажонун катыштыгы бардыгын иликтеп, жыйынтык чыгарууну калашты. Анын үстүнө депутаттык корпус мындай жөнөкөй эмес ишти жасай да алышмак эмес. Эгерде депутаттар Атамбаевдин ишмердүүлүгүндөгү моралдык контекстеги, жоопкерчилик баалуулуктары боюнча ишти иликтөө үчүн эксперттерден, саясат таануучулардан, тарыхчылардан турган комиссия түзүүнү сунушташса башка кеп болмок. Атамбаевдин ишмердүүлүгүндөгү моралдык, этикалык аспектилерди эмоциясы жок кароо керек. Башкача айтканда, жалаң фактыларга гана таянуу менен.
Азырынча биз Атамбаевден алынган бир нече сабактарды өзүнчө бөлүп көрсөтсөк болот. Ырас, ал сабактарды мындан ары таптакыр кайталабаш үчүн гана алышыбыз керек.
1-сабак.
Атамбаев бийликтин бирден-бир негизги атрибуттарынын бири болгон сакральдуулугун жок кылды. Ал эми сакральдуулук жок болгондон кийин бир дагы бийлик 100 пайыз легитимдүү болбойт. Дал ушул Атамбаев түз мааниде айтканда чектен чыкты, ошондон кийин бийлик көчөдө эле жаткандай болуп. Аны каалаган адам «тандай» турган болуп калды. Жетиштүү тажрыйбасы, билими жана кесипкөйлүк компетенциясы жок «кухаркалар» Ак үйгө келип, мамлекеттик машинанын рулуна отурушту. Жогорку Кеңеш, анын сапаттуулук курамы улам алсыз эана улам күңүрт болуп калды. Себеби тизмедеги курам жетинчи кабаттан бекитилип жатты. Демек, парламентте акылдуу жана курч инсандардын азыраак санда болушуна кызыкчылык болгон.
2-сабак
Атамбаев коомдук саясий кеп боюнча көрсөтмөнү өзгөрттү. Кеп жанрда эмес. Саясатчынын бардык сөзү, анын үстүнө президенттин сөзү коомдук сфераны түзөт жана аудиторияга таасир этүүчү күчтүү курал болуп саналат.
Мурдагы президент оратор деле эмес, бул сөздүн классикалык маанисинде алганда, ал мамлекеттеги саясий риториканы эң төмөнкү деңгээлге түшүрдү. Жана мамлекетте гана эмес. Анын чет мамлекеттердеги же башка мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусундагы сүйлөгөн сөздөрү да «Сүйлөгөнүн ал сүйлөйт, уялганын биз уялабыз» деген сериядан болчу. Маселе элге жакын болуп, жөнөкөй жана түшүнүктүү тил менен сүйлөөдө деле эмес. Маселе үзгүлтүксүз түрдө оппоненттеринин ар-намысына шек келтирүү, далили жок жалааларлы жабуу, фактыларды бурмалоо, жана башкаларда. Атамбаевге чейин президенттин сүөлөй турган сөзүнүн үстүнөн иштөө болгон. Атамбаевдин убагында президенттин сөзү абсолюттуу түрдө маргиналдуу болуп калды.
3-сабак.
Атамбаевдин убагында укук коргоо органдары жана сот системасын болуп көрбөгөндөй деградациялоо болду. Дал ушул Атамбаевдин убагында сотторго жана күч структураларына жарандардын ишеними тарыхый минимумга чейин түшүп кеткенин социологиялык сурамжылоолор далилдеп турат. Мурдагы президенттин башкарып турган маалында мыйзам алкагында соттук чечимди алуу мүмкүн эмес болгон.
Эки гана жолу бар болгон – сотторго басым жасай турган Ак үйдөн тааныш издеш керек, же пара бериш керек.
Бардык система Ак үйдүн заказы менен иштегенге бурулгандай жана ыңгайсыздык жараткандарга каршы репрессиялык машина катары иштөөгө багытталгандай таасир калтырган.
4-сабак.
Атамбаев «күңүрт кыштак» курулушунун мастери болгон. Тарыхый музейди Луврдин баасы менен оңдоо жана ага Луврди жасалгалаган дизайнерди тиешелүү айлык акысы менен тартуу аркылуу өзүнүн ушундай мастерлигин көрсөткөн. Чолпон-Атадагы жаңы ипподромдун курулушу менен дагы. Биздеги жакырчылыктын деңгээли жана мындай долбоорлорго элементардуу нерселердин жетишсиздиги болуп турганда – анын бул кылганы жөн гана акчаны талаага чачуу жана элдин көзүнө көшөгө тартуу болуп саналат. Атамбаев мына ушул долбоорлор жана көчмөндөр оюндары менен кыргыздын улуттук духун, өзүн-өзү таануусун көтөрдүм деген. Бирок, «духту жана өзүн-өзү таанууну» коррупцияга каршы реалдуу күрөш, социалдык акыйкаттыкты орнотуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуулар менен да көтөрсө болмок.
5-сабак
Атамбаевдин убагында трибунадан айтылган жана расмий телевидениеден көрсөтүлгөндөр менен элдин күнүмдүк жашоосунда көргөндөрүнүн ортосунда фантастикалык айырмачылык болгон. Биз кандайдыр бир эки параллель реалдуулукта жашагандай болгонбуз. Биринчиси – виртуалдуу, анда мамлекетибиз болуп көрбөгөндөй темп менен өнүгүп жаткандай, бардык демократиялык институттар иштеп жаткандай, экономикабызга инвестиция өтө эле көп келип аткандай көрүнүш. Экинчиси – реалдуу, эртеңки күнгө ишеним жок, бюджеттегилердин күнүмдүк өп-чап турмушка гана жете тургандай айлык акысы, мугалимдерге, врачтарга, гаилерге ар бир кадам сайын акча төлөө. Бул таң калычтуу деле эмес, себеби аларга мамлекет эптеп-септеп гана жашаганга жете тургандай айлык төлөйт.
Атамбаев мамлекетти когнитивдүү диссонанска кептеди. Анан азыр биз эми гана араң-араң чыгып келатабыз.