САЯСАТ

АШАнын «жаңы элитасы» — көмүр «жегич», жыгач аттар менен «сыймыктанткыч», «дүңкүйүп» алгансып ыйлагыч, жана башкалар

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев «Ачыгын айтайын, мен президенттикке тойдум. Азыркы бийлик да иштей албай жатат. Эми бийликке жаңы, жаш элита келиши керек. Мискенбаевге окшогон» деп сүйлөгөнүн коомчулук укту. Муну уккандардын көпчүлүгүнүн күлкүсү дагы деле тыйыла элек. «Мурда обон чыгарып композиторлорго конкурент болду эле, эми куудул болуп кетти го, бекер концерт коюп» деген пикирлер көп.
Чын да, кандайдыр бир жаңы элита тууралуу сунуш айткандан кийин, алар кимдер экенин да ачык айтыш керек да. Мискенбаевди айтты, уктук. Чимкириги куюлуп калганча эле Атамбаевди мактап басып жүрөт. Себеби, азыр андан акча алып, курсагын бекер тойгузуп жүрөт. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин шейит кеткен азаматтардын арбагын ыраазы кылыш үчүн түзүлгөн коомдук бирикмеге жетекчи боло калып, алардын үй-бүлөлөрүнө деп берилген көмүрдөн өйдө сатып, чөнтөгүн кампайтып жүргөн бир эргул.
Ал эми Сапар Исакову болсо убагында Максим Бакиевдин тарбиясын алып, мамлекетти кантип тоносо боло тургандыгын мыкты өздөштүрүп алган шылуун. «Тарых музейин реконструкциялоого өзүм куратор болу патам, буюрса бул элибиз сыймыктана турган музейи болот» деп тим эле жамажайы жайыла телеканалдардын бирине интервью бергени эсибизде президенттик аппаратта иштеп турган кезинде. Көрсө. Ал бизди 14 миң евролук жыгач аттар, 600 долларлык устундар менен сыймыктанткысы келип жүргөн экен. Өкмөт башчы болуп турган кезинде эки ирет өзү кол койгон эл аралык деңгээлдеги келишимди кайра өзү жокко чыгарды. Бул өтө чоң уят иш, тажрыйбасыздык, кеңкелестик болуп саналат.
Алга Кылычев аттуусу 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Атамбаевдин колтугунан жылуу орун таап алып, семирип эле баратат. Ынтыгып баса да албай калды. «Дан» деген Кара-Балтадагы мамлекеттик ишканага жетекчи кылып койсо, ал жакта иштебей эле Бишкекте маалымат жыйындарын өткөрүп, акцияларга катышып эле басып жүрчү. Биилими тайкы, шабашка кылганды абдан жакшы көрөт. Учурда «мынча адам алып келем» деп Атамбаевдин капчыгын кагып жүргөн кези.
Адил Турдукулов аттуу жигиттин позициясы жок экенин көрдүк. Убагында Атамбаевди «президенттикке жарабайт» деп катуу сындап жүрүп, бүгүн кайра жанында шыйпаңдап жүрөт.
Темирлан Султанбеков аттуу жигит болсо 3-июлдагы митингде өзгөчө популярдуу болду. Трибунага чыгып алып, катуу бышактады. «Ленин, Брежнев, Сталин 60 жылда курганды Атамбаев алты жылда курду» деп тарыхты да так билбей турганын билдирди. Эмнени сүйлөп атканын да аягында өзү түшүнбөй калды. Ыйлап эле атты. Ошондон улам аны «дүңкүйүп» алганбы дегендер да болду.
Эмне АША ушуларды бизге «жаңы элита» кылгысы келип жатабы? Эгерде ошондой ою болсо, анда жөн эле койсун. Бизге мындай бекер тамак менен бирөөнүн чөнтөгүн аңдыган жаңы элитанын кереги жок. Алар бийликке келе турган болсо, Кыргызстанды бат эле жалап-жуктап коюшат. «Дүңкүйүп» алганы ыйлап бүткөнчө беркиниси көмүрдүн баарын казыла электе эле сатып жиберет. Анан кантип биз ушуларды колдомок элек?