САЯСАТ

Атамбаевдин митингинде кылмыш кодексинин беренелерине туура келчү провокациялык билдирүүлөр айтылды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев уюштурган «Форумдун» имаратынын алдындагы митинг башталгандан аягына чейин мыйзамды тебелеп-тепсөөгө чакырган бир катар провокациялык билдирүүлөр жасалды. Алардын арасында атайылап бийликтин жинине тийип, кандайдыр бир катаал чара көрсүн деген кыяздагы аракеттер да болду. Эптеп эле бийлик тараптан азыраак эле митингчилерге карата басым жасалса, ошонун арты менен элди көчөгө көтөрүп чыгалы деген ниеттери да байкалды.
Балким мына ушул митингдеги айтылган мыйзамды тебелеп-тепсеген чакырыктарга карата укук коргоо органдары тарабынан «АША жана анын тарапташтарына катаал чара көрүңүз» деген кеңештер айтылышы мүмкүн. Бирок, мамлекет башчысы кырдаалды акылга салып калчап, Атамбаев жана анын тарапташтарынын провокацияларына жана ашыкча амбицияларына алданбайт деген ойдобуз. Алардын биринин да чекесинен чертпейт. Эгерде Атамбаевдин убагында ушундай митинг уюштурулганда сөзсүз түрдө куугунтуктоолор орун алмак. «Бийликти күч менен басып алган жатышат. Булар сасыткылар, бузукулар» деп эле күпүлдөп, бир нечесинин колу-бутун кайрып камап салмак. Бирок, учурдагы мамлекет башчысы андай кылбайт. Ал митингчилердин ээн-эркин сүйлөп алуусуна укук берет жана алардын провокацияларына алдырбай өлкө кызыкчылыгы үчүн иштөөсүн уланта берет.