САЯСАТ

Таластык мекендештер Атамбаевди мыйзамды сыйлоого, элди бөлбөөгө чакырат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин соңку убактарда жасап аткан мыйзамсыз аракеттери калың элдин катмарына жакпай, нааразычылыктарды жаратууда. Ошондон улам аттуу-баштуу саясатчылар, коомдук ишмерлерден тарта карапайым адамдарга чейин мурдагы президент А. Атамбаевди мыйзамды сыйлоого, элди бөлбөөгө, өлкөбүздүн тынчтыгына бүлүк салбоого чакыра башташты.
2-июль күнү Таластагы «АКИпресс» агенттигинин филиалында жергиликтүү тургундар маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар дагы Атамбаевди элди митингге үндөөлөрдү токтотууну суранышты. Маалымат жыйынына катышкан Умар Анарбаев Таласта өлкөбүздүн тагдырына, келечегине кайдыгер эмес адамдар сүйлөшүп, акылдашканын жана жыйынтыгында мурдагы президент Атамбаевге кайрылуу жасап, аны өлкө тынчтыгын бузбоого, элди митингге үндөбөөгө чакырууну чечишкенин айтты. «Өлкөгө стабилдүүлүк керек» дейт ал.
Ал эми Жаныбек Бейшебаев эки революцияга тең катышканын, экинчи революцияда 87 бала бөөдө каза болгонун айтып, эми дагы тополоң болуп, бейкүнөө адамдар ортодо калбасын деген пикирин айтты.
Кеңеш Калматов аттуу тургун мындай дейт: «Мен Таластын тургуну, революциянын катышуучусу катары кайрылуу айткым келет. Кыргыз эли кечиримдүү, айкөл эл болот. «Эки дөө кагышса, ортодо чымын өлөт» болбойлу. Тынчтыкка чакырам, өлкөбүздүн стабилдүүлүгүн бузуп албайлы. Урматтуу элим, түндүк-түштүк деген провокацияларга алдырбай, өзүбүз ойлонолу».
Сыргабек Молдобаев аттуу мекендешибиз убагында Атамбаевди да колдоп келишкенин, мыйзамды сыйлашканын, бүгүн дагы өкмөттү колдоп, мыйзамга баш ийип, коомдук тартип менен жашай тургандыктарын айтат. «Тынчтык керек, ошол тынчтыкты сактоо үчүн жалпы кол кабыш кылалы» дейт ал.
Эми мурдагы ажо Атамбаев эси барда этегин жабат болду бекен?