КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Кылмышка шектүү Баткендин тургуну Россиядан кармалды


2017-жылдын август айынан бери зордуктоо фактысы боюнча издөөдө жүргөн 25 жаштагы М.У. аттуу Лейлек районунун жаранын июнь айында Россия Федерациясынан өткөрүп берүү жолу менен Кыргызстанга алынып келип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Эки мамлекеттин милиция кызматкерлеринин мамилесин бекемдөө жана биргеликте иш алып баруусунун негизинде 2019-жыл башынан бери кылмыш жасап издөөдө жүргөн 3 атуул Баткен облусуна экстрадиция жолу менен алынып келинген.