КООМ

Бабанов Атамбаевди колдобой турганын бир тууган эжеси аркылуу билдирдиби?

Атамбаев өз кызыкчылыгына кимдин болсо да атын сатууга даяр экенин көрсөттү
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кезектеги ыпылас «трюгу» өтпөй калды. Ал өзүнүн алты жылда жасаган коррупциялык иштеринен жазасыз кутулуп кетүү үчүн куралдуу каршылык көрсөтүүгө даяр экенин ачык айтып, айылдаштарын хансарайына топтоп, алардын артына жашынып жатканын коомчулук жакшы билет. Анан ошону менен катар эле ал өзүнүн хансарайына дагы көбүрөөк саясатчылар келсе жакшы болот эле дегендей үмүттүү көз карашта жүргөнүн да көрүп-билип турабыз.
Анан ага олуттуу саясатчылар келип колдоо көрсөтпөй жатканына ичинен туталанып, акыры алыста жүргөн Өмүрбек Бабановдун атын сатууну пландаган экен. Ал өзүнүн хансарайына күрд улутундагы бир аялды алып келип, анан аны өзүнүн жалданма журналисттери аркылуу «Бабановдун тайэжеси да Атамбаевди колдоп келди» деп интернет булактарына жарыялаткан.
Бирок, калптын казаны кайнабайт болуп, ошондон 1-2 саат өтпөй эле Ө. Бабановдун бир тууган эжеси Бакен Бабанова маалымат булактарынын бирине видеомаек берип, Кой-Таштагы АШАнын хансарайына клеген аял эч кандай алардын тайэжеси эмес экендигин билдирди. «Биз ал аялды тааныбайбыз. Көргөн эмесмин. Биздин атыбызды мындай ыплас иштерге аралаштырбасын. Бизден кечирим сурашын талап кылабыз», — деди Бакен Бабанова.
Ошентип бузуку АШАнын кезектеги «трюгу» ишке ашкан жок. Ал муну менен өзүнө карата элдин нааразычылыгын, кыжырдануусун дагы да күчөтүп алганын сезген жок окшойт.
Бакиевдерди Оштон кууп чыгып Кыргызстанды түндүк-түштүк болуп бөлүнүп кетүүдөн сактап калган Сооронбай Жээнбеков болгон. Эми аны элди бөлүп жатат дегендерди Кудай урат!