КЫЛМЫШ-КЫРСЫКТАР

Чагымчылар кайрадан кыргыз-түрк мамилесин курчутууга бел байладыбы?


Акыркы күндөрү социалдык тармактарда кыргыз-түрк мамилесин курчутуп, чатак чыгарууну көздөгөн топтор пайда боло баштагандай. Маселен, 1-июлда социалдык тармактарда “түрктөр кыргыз кызын топтошуп алып зордуктаган” деген тасма таратылды. Аны “30-июнда Түркиянын борбору Анкара шаарында болгон окуя” дегени аша чапкандык. Ошондой эле кыргыз жаштарын Бишкектеги Түркиянын элчилигинин астына митингге чыгууга үндөгөн аудио да бар. Чынында 1-июлда Вотсаб аркылуу желдей тараган бул тасманы жайылткандар Түркияда кыргыз кыздарын 4 түрк зордуктады деген жалган маалыматты апырткан. 7 мүнөттөн ашыгыраак бул тасмада азият улутундагы кызды (бетин көрсөткөн эмес) 4 адам зордуктаганы көрсөтүлөт. Бирок, бул атайын чагым экени бат эле аныкталды. Биздин адистер тасманы интернеттен издегенде ал “уяттуу” сайттар үчүн атайын тартылган видео болуп чыкты. Анда порнография менен оокат кылгандар япон кызын ошентип ойногон экен. «Жесткое изнасилование малолетних японок» деген аталыштагы 28 мүнөттүк видеону кыргыздардын кыжырын кайнатуу үчүн 7 мүнөттүк кылып кесип жасаган.
Эми муну улут аралык кастыкты козутууга колдонгондор аныкталышы керек. Жакынкы күндөрү мындай аракеттер дагы болушу мүмкүн. Кыргызстандагы азыркыдай саясий кырдаалды ар кандай күчтөр сөзсүз пайдаланып, өлкөдө башаламандык уюуштурууга аракет кылууда. Элибиз сергек болуп, мындай чагымдарга алдырбашы керек.