САЯСАТ

Жаңы коррупционерлерди тарбиялаган АША кайдагы жаңы лидерлерге жардам кылгысы келет?

Кол тийбестигинен кол жууган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн абалын артык кылам деп, улам тыртык кылууда. Кудум сазга белчесинен батып алып, анан тыбырчылап, андан чыгам деген аракетти жасап, анткен сайын кайра тереңдеп сазга батып бараткандай абалда болууда. Ал өзүнө карата кылмыш иши козголуп, анан тергөөгө чакырса барбай турганын, күч органдарынын кызматкерлери үйүнө келе турган болушса, курал менен тосуп чыгарын балп эттирип айтып алды. Демек, ал мыйзамды сыйлабайт, аны бузууга даяр. Бул үчүн да өзүнчө жоопкерчилик караш керек. Эгерде ал өзү бийликте турганда башка бир саясатчы ушул сөздөрдү айтса, «Мына бузуку, сасыткы, эл душманы, мыйзамды тебелейм деп атат» деп эле колу-бутун кайрып келип, камакка киргизип коймок.
Өзү бийликти турганда кылмыш жоопкерчилигине тартылган саясатчылардын туугандары, жердештери митингге чыкса, «ана аялдардын артына жашынып жатат» деп кыйкырчу. Эми өзү ошону жазбай кайталоодо.
Мына ушундай абалда турган АША 1-июлда жаңы билдирүү жасады. Ал «Менин максаттарым туурасындагы кезектеги жомокту айтышууда. Мен кайрадан кандайдыр бир жогорку кызматты ээлегим келет имиш. Мунун мага эч бир кереги жок. Менин максатым жаңы элдик лидерлерге жардам берүү. Саясатта буркан-шаркан түшкөн процесстер жүрүүдө. Андан кийин эле шайлоолор болот. Жаңы адамдар, жаштар көбүрөөк келсе экен дейм», — дейт ал.
Туура, ал эми кайрадан президент болгусу келген күндө деле аны эми эл шайлабайт. Муну ал өзү да түшүнүп турат. Мындай алкымы өтө чоң коррупционерди эми дагы президент кылып шайлап алып эмне кылмак элек. Экинчиден, ал айтып аткан жаштар Сапар Исаковдой болсо, анда алардын да кереги жок. Жөн эле кооз кийинип, кооз сүйлөп, бирок жең ичинен мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгына соодалап жүрө бере турган жаш кадрдын кимге кереги бар? Биз аны көрбөдүкпү? Анын үстүнө азыр Атамбаев үчүн ким аны коргосо, ошол ага жаш жана татыктуу кадр болуп калат. Бизге Атамбаевди коргой турган, мамлекетти ойлобой турган жаш кадрдын да кереги жок.
«Бүгүн Кыргызстан экономикадагы жана мамлекеттик башкаруудагы таптакыр жаңы мамилелерге муктаж болуп турат. Муну эми башка лидерлер жасасын. Карагылачы, Жээнбеков бирдеме кылып жаткандай түр көрсөткөнү менен бирок колунан эч нерсе келбей жатат. Бүгүн өлкөнү көтөрүү үчүн башкача ой жүгүртүү керек», — дейт Атамбаев. Муну ал учурда анын былыктарын президент Жээнбеков жаап-жашырбай жатканы үчүн гана айтууда. Же Атамбаевдей болуп, сырттан олчойгон кредиттерди алып, анан анын жарымысынан көбүн өзүнүн чөнтөгүнө уруп иштеш керек беле? Бизге эми андай элдин, мамлекеттин эсебинен байыган АШАдай башкаруучунун кереги жок.