КООМ

«Калкан» жаштар коомдук бирикмеси түзүлдү

Бүгүнкү иш-аракеттер эртеңки тарых болуп каларына ишенебиз! Бүгүн, тактап айтканда, 2019-жылдын 29-июнунда дагы бир тарых барактарын бирге жаздык.

Аракетчил, мекенчил, билим-илимдүү, максаттуу жаштардын башын бириктирүүчү, «Биздин өлкө — биз менен өзгөрөт!» аттуу демилге менен алдыга жылып, мекендин жаркын келечеги үчүн аракеттенген «КАЛКАН» жаштар коомдук бирикмесинин ишмердүүлүгүнүн расмий түрдө ачылуу аземи болуп өттү.

Асыл максаттар менен таштаган кадамдарыбыз жемиштүү жана ийгиликтүү болсун!
Ачылуу аземине келип, кубанычтуу күнүбүздү бөлүшкөн ар бир коногубузга терең ыраазычылык билдирүү менен алдыга карай бирге кадамдайлы демекчибиз!

#БИЗДИН ӨЛКӨ БИЗ МЕНЕН ӨЗГӨРӨТ!