КООМ

Эмил Балтагулов жетекчилик кызматка барды

Соңку учурда өкмөттүн кадр саясатында кыйла жылыштар бар. Анткени, азыр сурамжылоо жүргүзсөк эле экинин бири жаштар жетекчилик кызматтарга келсе иштер алга жылмак деген эле киши. Мына ушул сөздөргө жакшы жооп болуп, маданият министри да жаш, анын командасында да жаш жетекчилер келип жатат. Азыр бизге жеткен маалыматтар боюнча Жалал-Абад облусунун музыкалык техникумуна эстрада ырчысы Эмил Балтагулов жетекчи болуп дайындалды. Бул жаңылыкты ырчы өзү да тастыктап, алдыдагы пландары тууралуу учкай бөлүштү. Эмил мырза адегенде эле ишти чыгармачылык, чарбалык, жарнамалык жагын күчөтөрүн баса белгиледи. Техникумга тапшырган абитуриенттердин саны жылдан жылга кыскарып жаткандыктан жарнаманын заманбап түрлөрүн колдонуу менен көбөйтүү максаты коюп жатат. Чыгармачылык жагынан абитуриенттерди кабыл алып эле тим болбостон, аларга сапаттуу билим берип, мыкты кадрларды даярдоо. Ал эми чарбалык маселелер көп экенин айткан Эмил Балтагулов техникумга оңдоп түзөө иштерин жасап, жаркыратып, заман талабына шайкеш окуу жай кылуу.
Эмне дейбиз жаңы жетекчиге ийгиликтерди каалап, жаңылыктарды күтүп калабыз.