КООМ

Атамбаев күч кызматкерлеринин кызматтык формаларын неге даярдатты?

Ар кандай провокациялык иштерди жасап көнүп калган Алмазбек Атамбаев бул ирет дагы ошол жолоюна түшкөнү айтылууда. Ал эми өзүнө карата кылмыш иши козголсо, анда ага тергөөчүлөрдөн чакыруулар келе турганын, анан ага барбай койсо, үйүнө күч кызматкерлери келиши мүмкүн экенин алдын-ала боолголоп, провокациянын жаңы тактикасын ойлонуп чыгыптыр.
Тактап айтсак, анын Кой-Таштагы хансарайына милиция кызматкерлеринин, атайын кызматтын кызматкерлеринин (ОМОН) кызматтык формаларынан 100 даана алынып келинди дешет. Эгерде Атамбаевдин үйүнө күч кызматкерлери келип, анын суракка барышын талап кылышса, ошол учурда алардын арасына жанагыл жасалма формаларды кийген өзүнүн адамдарын аралаштырып жиберет экен. Анан ал жасалма форма кийген адамдары Кой-Таштагы хансарайда АШАны колдойбуз деп келген карапайым адамдардын колу-бутттарын кайрып жиберишет. Ошону менен «Бийлик күч колдоно баштады» деген ызы-чуу жаратат экен.
Ушундай жол менен мыйзамдан качкысы келген мурдагы президент АШАны эми ким деп атасак болот?