САЯСАТ

Атамбаев Путинден кантип үмүтүн үздү?


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурда маанайы таптакыр жок дешет. Ал «Азиз Батукаев туура эмес чыгып кетиптир, кайра кайтарып бергенге жардам кылыңыз деп Россия президенти Путинге кат жүзүндө да, оозеки түрдө да кайрылгам. Бул маселе боюнча Владимир Владимирович өзү да жооп кылар» деген болчу Кой-Таштагы хансарайына чогулган айылдаштарынын алдында бир нече күн мурун. Көрсө, ал ушундай ишаараты аркылуу В. Путинден «Мага жардам кылыңыз, кыргыз бийлигинен менин кол тийбестигимди алдырбоону, кылмыш иштерин козготпоону сураныңыз» деп кайрылайын деген тура.
Анан эле В. Путиндин маалымат катчысы Песков: «Атамбаевдин кол тийбестигин алып салуу маселеси Кыргызстандын ички иши, биз ага кийлигише албайбыз» деген жоопту маалымат булактары аркылуу билдиргени АШАны башка чапкандай эле абалга калтырыптыр. Ошондон кийин ал «бөдөнө сүтүнө» чөгүп кеткен боюнча чыга албай жатат дешет.