СПОРТ

Ош ОИИБи: ИИМдин ардагерлери арасында спорттук мелдеш өттү

Ош облустук ички иштер башкармалыгында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдык мааракесине арналган ИИМдин ардагерлери арасында спорттук мелдеш болуп өттү.
Спорттук мелдештердин салтанаттуу ачылыш аземи 2019-жылдын 26-июнь күнү ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы С.Жоошбаев, орун басары А.Бегалиев, ИИМдин ыкчам кызмат ардагерлер кеңешинин төрагасы Д.Джаныбаев, Башкы башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Ж.Черикчиев, Медициналык Башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Б.Өмүрканов, ИИМдин башка түзүмдөрүнүн ардагерлер кеңешинин мүчолөрү жана төрагалары жана Ош ОИИБдин өздүк курамдын катышышты.
Алгач, кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскеришип,алардын айкелдерине гул коюлуп куран окулду. Мааракени Ош ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Малик Нурдинов ачып, ардагерлерге каалоо тилектерди айтып, мелдешке катышып жаткан катышуучуларга жана командаларга ийгилик каалап кетти. Ошондой эле Ош ОИИБдин имаратында милициянын генерал-майору Базарбай Нурматовдун атындагы музей көрсөтүлдү.
Мелдешке Ош ОИИБдин ардагерлер кеңешинин командасы, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондордун ардагерлер командалары катышып, шахмат, теннис, волейбол жана күжүрмөн куралдан ок атуу боюнча күч сынашты.
Жыйынтыгында 7 команданын ичинен
3-орун: Өзгөн РИИБдин Ардагерлер кеңешинин курама командасы ээлеп,
2-орун: Ноокат РИИБдин Ардагерлер кеңешинин курама командасы болуп,
1-орун: Ош ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин курама командасы утуп чыгышты.
Ал эми Макаров тапанчасын атуу боюнча спорттук мелдештин жеңγγчγлѳрү
3-орунга: Өзгөн РИИБдин ардагери Турдакунов Жетиген,
2-орунга: Ош ОИИБдин ардагери Торониязов Жигиталы,
1-орунга: Ноокат РИИБдин ардагери Бегалатов Исак ээ болду.
Волейбол боюнча спорттук мелдеш боюнча:
3-орун: Араван РИИБдин Ардагерлер кеңешинин командасы.
2-орун: Ноокат РИИБдин Ардагерлер кеңешинин командасы.
1-орун: Ош ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин командасы ээ болушту.
Шахмат боюнча спорттук мелдеш боюнча:
3-орунду алгандыгы үчүн: Алай РИИБдин ардагери Абдуллаев Раимбек.
2-орун: Өзгөн РИИБдин ардагери Джумабаев Макен.
1-орун: Ош ОИИБдин ардагери Талипов Дамир.
Теннис боюнча спорттук мелдештиг жеңүүчүлөрү деп
3-орун: Араван РИИБдин ардагери Алыбеков Авазбек.
2-орун: Кара-Суу РИИБдин ардагери Кадыров Абдукарим
1-орун: Ош ОИИБдин ардагери Ташиев Ураимжан ээ болду.
Сыйлык ээлерине акчалай сыйлыктарды, дипломдорду жана кубоктор Ош ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Малик Нурдинов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев тапшырышты.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.