САЯСАТ

Анвар Артыков Атамбаевдин көңүлү үчүн эле жүрөбү?

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков учурда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жанында жүрүп, ага жан тарткандай болуп атканын коомчулук көрүп турат. Ошондон улам көпчүлүк «Артыков Атамбаев үчүн чындап күйүп жатат, аны аябай катуу колдоп атат» деген ойдо калуулары мүмкүн. Бирок, бул чындык эмес экенин, ал жөн гана «түр жаратуу» болуп атканын айтып коюуга аргасызбыз.
Тактап айтсак, Анвар мырза өзүнүн жанында жүргөн жакын адамдарына «Атамбаевди ачык колдоп чыкпагыла, эч нерсе дебей, унчукпай эле койгула» деп жаткан экен. Ошондо муну кандайча түшүнүүгө болот? Эгер Атамбаевди колдогону ырас болсо, анда жанында жүргөн адамдарды неге «ачык айтпагыла» дейт? Демек, колдоп атканы деле күмөн окшойт. Балким, «ушул мени депутат кылды эле да» деген эле ыргылжың ой менен көңүлүн кыя албай жүрөбү?