САЯСАТ

Төрөбаев сүт өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү менен сүттүн сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулады

26-июнда “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү сүт өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү жана фермерлер менен жолугушту. Иш-чарада бүгүнкү күндө сүттү кайра иштетүү, экспортко чыгаруу, сүттүн сапатын жогорулатуу сыяктуу бир катар маселелер талкууланды. Жолугушууга КР Өкмөт өкүлдөрү, JICA агенттигинин “Сүт өндүрүү” боюнча долбоорунун өкүлдөрү катышып, фермерлердин  суроолоруна жооп беришти.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы буга чейин “Кыргыз сүт” мамлекеттик долбоорун  сунуштап, бирок өкмөт тарабынан  колдоо тапкан  эмес. Фракция лидери учурдагы сүт өндүрүү тармагында чечилбеген көйгөйлөр көп экендиги айтып, тиешелүү мекемелер алгылыктуу иш алып барбай жаткандыгын сынга алды.

“Биз өлкөдө сапаттуу сүт өндүрүүнү жана фермерлерге көмөк көрсөтүү максатында Сүт продукцияларын өндүрүүнү өнүктүрүү палатасын түзүүнү сунуштаганбыз. Бирок, Өкмөт 7 айдан бери жооп бербей жүрүп, жакында баш тартты. Эгер палата түзүлүп калганда, сүт өндүрүү тармагына байланыштуу маселелер чечилип, Өкмөткө бир топ жардам болмок” – деди Б.Төрөбаев.

Жыйын соңунда эл өкүлү сунуштаган Сүт продукцияларын өндүрүүнү өнүктүрүү палатасы боюнча кайрадан жумушчу топ түзүлүп, жакынкы күндөрдө тиешелүү иштер башталмай болду.