МАЕК

Кенжебек Бокоев: “Мен дайым биздин жаштарды айылда жашап, айылда турмуш курушсун деп, үгүттөп келем”

Алгач балалыгын кезиңиз жана кесип тандоого болгон алгачкы кадамдар тууралуу айтып берсеңиз?

Мен Талас облусунун, Кана-Буура районуна караштуу Грозный айылында туулгам, азыр Аманбаев айылы деп аталып калган. Өзүм 10 бир туугандын эң кичүүсү болом, ошондуктан атымды Кенжебек деп коюшкан. Балалыгым туулуп өскөн айылым менен байланыштуу, андыктан айылымды дайым эстейм. Жыл өткөн сайын өзүбүз менен кошо айылыбыз дагы өзгөрөт экен. Анан албетте айылым жөнүндө сөз болгондо апамды эстейм. Жогоруда айткандай мен көп бир тууганмын, 4-класста окуп жүргөндө атам кайтыш болуп, апамдын колунда өсүп калгам, апама жакын болчумун. Атамды көп эстей албай калдым. Кудайга шүгүр кылам бир туугандарым менен ынтымактабыз. Мен төрөлгөндө атам 63 апам 46 жашта болгон. Ата-энебиз баарыбызды элден кем кылбай багып өстүрүштү . 1975-жылы мектептин босогосун аттап, 1985-жылы жакшы деген баалар менен бүткөм. Мен мектепте жакшы окугам, бир жолу 30 баланын ичинен мугалим мени мактап апамдын колун кармаган, ошону айтып апам мени менен сыймыктанаарын байма-бай айтып калчу. Бул апамдын сөзү мени да шыктандырып турат эле. Апамдын мага берген тарбиясы зор, азыр эстесем апам мени билим алсын деп көптөгөн түйшүк тартыптыр. Ата-энем өздөрү мектептен билим алышкан эмес, ошентсе да бизге татыктуу тарбия беришти. 5-6-класста эле мен өз алдымча тирилик кылып калгам, 8-классымда 12 күнгө Москва шаарына бүткүл Союздук Комсомол активистеринин чогулушуна баргам, ошондо эле Москва мага жагып калып ошол жакта окуйм деп чечип койгом. Апам эч качан менин каалоолорума жана тандоомо каршы чыкпачы, мен деле көңүлүн оорута турган сөз айтчу эмесмин. Ошол эле жылы өз күчүм менен Москва шаарындагы К.И. Скрябин атындагы ветеренардык академияга окууга өттүм. Москвада окуп жүрүп 1985-1987-жылдар аралыгында армияга кызмат өтөгөнү Афганистанда болгом.
Сиз азыр өзүңүздүн фронтовиктериңиз менен байланышып турасызбы жана Афган согушунун ардагери катары бүгүнкү күндө кандай иштерди жасап жүрөсүз?
Албетте байланышып турам, коомдук уюм аркылуу иштешип турабыз. Афганистандан кайтып келгенден кийин Москвада академияда окуп жүргөн учурда, өзүбүздүн демилге менен кайтыш болгон студенттерге арнап окуу жайдын аймагында эстелик курганбыз. Бүгүнкү күндө дагы мамлекет тарабынан жеке өзүмдүн атымдан болсо да Афган согушуна катышкандардын үй-бүлөөсүнө материалдык жактан да жардам берип турабыз. Дагы айтып койчу жагдай, биздин демилге менен ведомстволор аралык комиссия түзүлүп жасалма документ жасатып алган “жалган афганецтерди” биз четтетип алардын айрымдарына кылмыш иши козголду, арасында генералдар бар. Кыргызстанда дагы Афган согушунда кайтыш болгон мекендештерибиздин жаркын элестерине арнап ар кандай иш чараларды өткөрүп турабыз.
Татыктуу жашоо деген сиз үчүн эмне?
Чынгыз Төрөкуловичтин терең философиялык сөзү менен жооп бергим келет, “Адамга эң кыйыны, күн сайын адам болуу” деген. Биз күн сайын татыктуу жашоого, күн сайын адам болгонго умтулушубуз керек. Бул жашоого жаралган соң, мен өзүмө буйруган тагдырга ыраазымын жана эч качан өкүнбөйм. Москвадан окууну бүтүп келген соң апамды багам деп айылда жашап калгам. Буйрук экен 2 жолу “Айыл өкмөт” болуп 2 жолу Жогорку Кеңешке депутат болуп шайландым. Менин тилегим жана максатым элге кызмат кылуу. Тилегим буюрса орундалып жатат деп айтсам жаңылышпайт болушум керек.
Сиз жаш муундарга азыр эң маанилүү нерсе эмне? Сиз кандай кеңеш берет элеңиз?
Мен дайым айтып жүрөм жана үгүттөп келем, биздин жаштарды айылда жашап, айылда турмуш курушсун деп. Анткени айыл да деле шаардыкындай шарт түзүп койсо болот жана бул боюнча мен ар дайым аракет кылып келем. Мен өзүм дагы айылда дыйканчылык кылып, бак өстүрүп, мал чарбачылыгы менен алектенип жүрөм. Чынгыз Төрөкулович айтмакчы, “Ааламга жол айылдан башталат”. Берекенин баары айылда. Айылды таштап кетпегиле. Билим алып, окуп кесипке ээ болгон соң кайра айылга барып жашагыла, деп кеңеш айтат элем.
Бүгүнкү күндө саясатчылардын мууну жаңыланууга муктаж болуп турган жокпу?
Жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылып жүргөндөй Кыргызстанда көп жылдан бери саясатта айланчыктап жүргөн үч жүздөй саясатчынын өңү алмашып жаштардан келиши керектигин эл деле талап кылып калды. Мен дагы ушуга кошулам, бизде саясатчылардын мууну өзгөрүшү керек. Биз жаштардан активдүүлүгү жана актуалдуу маселелерди көтөрүп келе жаткандарына баам салып отурабыз. Алардын ичинен айырмаланып айрым жаш активисттер, мисалы Жеңиш Молдокматов, Мавлян Аскарбеков сыяктуу инилерибизди алсак болот. Алар коомдогу көйгөйлүү маселелерди коркпостон көтөрүп, алардын чечилишине түрткү болуп келишүүдө. Эртеңки саясатчы ким дал ушундай жаштар. Биз мындай жаштарга бут тоспостон колдоо көрсөтүп мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Анткени, алар өзүлөрү активдүү, өзүлөрү патриот деген маселе бар. Өзүлөрү келип эле саясатчы болуп кете албайт, муун алмашып турушу зарыл.
Кайсы жердин күйө баласы болосуз?
Мен Таластын кызына үйлөнгөм, өзүбүздүн эле айылдын күйөө баласы болом. Таласта “күйөө баланы пайгамбар сыйлаптыр” дешип төргө өткөрүшөт, негизи кой сойдуруп сынагандар жок эсе (күлүп) Анан албетте айылды туулуп өскөн соң, устукан тартканды билбесең уят. Мындан тышкары кыргыздын каада салттарын билем жана аларды карманганга аракет кылам. Балдарыныз кандай мектептерге барат? Балдарым депутат болгончо айылда окушкан, андан соң шаарда эч кандай артыкчылыгы жок эле жөнөкөй мектептерде билим алышат. Мен дайым айтып жүрөм кандай мектеп болбосун билим алуу ал адамдын өзүнөн деп. Ошол эле биздин Өмүрбек Бабанов, Мирлан Жээнчороевдор болуп баарбыз “Грозный орто мектебинде” азыркы Чынгыз Айтматов атындагы мектепте билим алганбыз.
Биздин өлкөдө билимдин деңгээли сизди канаттандырабы?
Мен оптисист катары биздин өлкөдөгү билимдин деңгээли өтө начар деп айтпайм, ошол эле учурда биздин элибиздин жашоо шарты Россиянын айрым деревнялары жана Казахстандын чөлдөрүндөгү айрым аулдарынан жакшы.
Жашоодо корккон нерсеңиз?
Элибизде айтып коёт го, “мен Кудайдан гана корком” деп, мындан тышкары айттырбай келген бөөдө кырсыктан, оору сыркоодон, жамандыктан коркуш керек. Мына ушулардын баарынан элибизди Кудайым өзу сактасын жана аруу тилек-максаттарыбызга жараткан өзү жар болсун.

Гүлмира ШАРШЕЕВА, Факты.kg гезити