САЯСАТ

Карашевдин калкты ойлобос кадамы

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Электр энергетикасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Кенжебек Бокоевдин айтымында, мыйзам долбоорунун максаты жаңы конуштарга электр тармактарын куруу функцияларын бөлүштүрүүчү электр компанияларына өткөрүп берүү болуп саналат. Тагыраагы, электр энергиясын элге сатып, андан киреше таап жаткан компаниялар элге электр энергиясын ар бир абоненттин үйүнө чейин жеткирип бериши керек. Компания бул магазин сыяктуу, ал өзүнүн товарын сатып жатат, демек тийиштүү компаниялар элге электр энергиясын дагы жеткирип берүүнү мойнуна алышы керек болот. Мына ушундай демилгени депутат Кенжебек Бокоев көтөрүп чыкты. Бул демилгенини тууралыгын бир топ депутаттар колдоого алышты. Бирок, бир кездеги Бакиевдин “куйругу” болгон Аалы Карашев, ал мыйзамдын келечеги популистик мыйзам болуп калаарын, аны компаниялар аткарбай койсо жөн эле туруп калаарын айтты. Кызык кишиге айла жок экен да, эл ишенимин алып олтурган ар бир депутат, эгер мындай эл үчүн жакшы мыйзамдарды жазып, аны аткартпаса ал жерде эмнеге олтурат, түшүнүп болбойт. Чындап эле депутат Бокоев көтөргөн мыйзам жалпы Кыргызстандыктар үчүн абдан маанилүү. Жаңы конуштарга, жаңы түшкөн көчөлөргө тынымсыз акчасын элге сатып, бирок бир ТЭЦти оңдотуу үчүн чет элден грант алып жатканын байкап эле келебиз. Эл шордуу электр энергиясын алыш үчүн азабын тартып, өздөрү баардык чыгымдарды моюндарына алып келет. Ал турсун, жумушчуларды тамак-ашы да элдин мойнунда. Эгер мындай аракеттер менен өкмөт иш алып барып олтурса, Элге, Кыргызстанга мындай эл ойлобос өкмөттүн, парламенттин кереги барбы? Эл үчүн жазылган жакшы мыйзамды колдой албаган, анын артын ар кандай кызыкчылыктарга байлап олтурган депутат “сөөрөйлөрдүн”, парламенттин кереги барбы? Албетте, жок. Аалы Карашев сыяктуу “чимкирик” депутаттардын айынан Элдик мыйзамдар мына ушинтип көмүскөдө кала берүүдө. Элге кимдер каршы экенин биле жүргүлө.