САЯСАТ

Төрөбаев келечектеги дарыгерлер менен медицина жаатындагы бир катар орчундуу көйгөйлөрдү талкуулады

24-июнда “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Бишкек шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академиянын студенттери менен жолугушту.
Келечектеги дарыгерлер менен медицина жаатындагы бир катар орчундуу көйгөйлөр — билим берүүнүн жаңы системасынын күңгөй-тескейи, окуу куралдарынын жетишпестиги, маалымат алуунун, сергек жашоо образын түзүүнүн, туура тамактануунун жолдору жана жаштардын англис тилин билүүсүнүн актуалдуулугу сыяктуу маселелер талкууланды.

Фракция лидери Б.Төрөбаев медицина тармагындагы айлык акынын аздыгы жаш кадрлардын өз кесибин таштоосуна алып келип жаткандыгына токтолду. “КР Өкмөтү алардын жашоо- шартына көңүл буруп, стимул жаратмайынча кадрларга болгон таңкыстык жоюлбайт”,- дейт ал.

Мындан сырткары, фракция лидери бул тармакты өнүктүрүү үчүн жеке менчик медицинаны күчөтүү керектигин белгиледи. Анын айтымында, күчтүү атаандаштык болгондо гана өнүгүү, алдыга умтулуу болот.

Жолугушуунун соӊунда Б.Төрөбаев келечектеги ак халатчандарды терең билим алууга, өз кесибин сүйүп, ага жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырып, улуттун саламаттыгы дарыгелерге түздөн-түз байланыштуу экендигин баса белгиледи.