САЯСАТ

Бийлик бутактарында регионалдык баланс толук түрдө сакталууда

Маалымат агенттиктеринин бири президент Сооронбай Жээнбековдун жүргүзүп жаткан бийлигине байланыштуу кеңири макала жарыялап, анда бийлик бутактарындагы регионалдык факторго да токтоло кетиптир. Мына ушул макаланы окугандан кийин биз дагы өз алдынча иликтөө жасап көрдүк. Бийлик бутактарында регионалдык фактор сакталуудабы деген суроого жооп издедик. Натыйжада бүгүнкү күндө мамлекеттик үлкөн кызматтарда отурган чиновниктердин саны боюнча алганда регионалдык баланс өтө дыкаттык менен сакталганын байкоого болот.
Мисалы, учурда президент өзү Ош облусунан, ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Талас облусу, премьер-министр Нарын облусунан, ал эми Жогорку соттун төрайымы Ысык-Көл облусунан. Демек, эң жогорку мамлекеттик үлкөн кызматтар регионалдык балансты толугу менен сактаган болуп атабы?
Мындан тышкары бүгүнкү күндө ТИМ министри болуп турган Чыңгыз Айдарбеков Чүй облусунан болот. ИИМ министри Кашкар Жунушалиев Чүй облусунан, Юстиция министри Марат Жаманкулов Ысык-Көлдөн, финансы министри Бактыгүл Жеенбаева Чүйдөн, экономика министри Санжар Муканбетов Чүйлүк, транспорт министри Жанат Бейшенов Чүй облусунун кулуну, ӨКМ министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абаддан, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ысык-Көлдөн, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Таластан, УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев Чүйдөн, Коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитеттин төрагасы Эрлис Тердикбаев Чүй облусунан, Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов Чүйдөн, Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев Ысык-Көлдөн, КР өкмөтүнүн алдындагы отун-энергетика комплексин жөнгө салу убоюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Таалайбек Нурбашев Ысык-Көлдөн, КР инвестицияларды жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек Чүйдөн, КР өкмөтүнүн алдындагы Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Мелис Турганбаев Нарындан, КР өкмөтүнүн алдындагы архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Бактыбек Абдиев Чүйдөн, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков Чүйдөн, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов да Ысык-Көлдөн, Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматынын жетекчиси Динара Молдошева Талас облусунан, КР өкмөтүнүн алдындагы миграция мамлекеттик кызматынын жетекчиси Болотбек Ибраимжанов Чүйдөн, Соттук-эксперттик мамлекеттик кызматынын жетекчиси Акылбек Мусаходжаев Чүй облусунан, КР өкмөтүнүн аппарат жетекчиси Самат Кылжыев Ысык-Көлдөн, КР президентинин кеңешчиси Айбек Азыранкулов Чүйдөн, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да Чүйдөн.
Демек, мына ушул көрсөткүчтөр президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет башында туруп алып, жалаң түштүктөн чыккан кадрларга басым жасап жатпаганын далилдейт. Мамлекеттик жогорку кызматтарда бардык облустардан жетиштүү кадрлар бар. Биз жогоруда айрым сынчылардын «Президент жалаң түштүктөн чыккан кадрларды кызматтарга коюп жатат» деген кыяздагы орунсуз сындарына карата гана өлкөбүздүн түндүк аймагынан чыккан кадрлардын мамлекеттик кызматтарда кандай кызматтарды ээлеп турганына токтолдук. Болбосо, карапайым элибиз үчүн кимдин кайсыл жактан экени кызыктырбай, эң негизгиси элдин, мамлекеттин байлыгын уурдабай иштешсе эле болду.